www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Жылдыз Айтибаевна, өлкөдөгү акыркы саясий кырдаалдын келип чыгуу өзөгү эмнеден улам болду?

—Республикабыздагы бийлик бутактарын, деги эле бийликти Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен бийликчил КСДП партиясы  бөлүшпөй койгондуктан. Айрыкча премьер-министрдин кызматы боюнча. Себеби Сооронбай Жээнбековко дейре ким премьер-министр болсо, ал кыйыр түрдө  Ө.Текебаевтин адамы болгон. О.э. А.Атамбаев өзүнүн жакын адамдарын, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен эсептешпестен Президенттин Администрациясында иштеген кызматкерлерди жогорку кызмат ордуна дайындай баштады. Негизги себеп ушул. Ал эми 31-августта айтылган сөздөр, жогору жакта айткан себептер топтолуп отуруп азыркы кырдаалдын түзүлүшүнө түрткү берип, ошентип таймашууга жол ачылды.

—Ө.Текебаевдин камакка алынышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Бийлик Ө. Текебавди камакка алуу менен башка саясатчыларга сес көрсөтүп аткан жокпу?

—А. Атамбаевтин бийлиги Текебаевти камап саясатчыларга сес көрсөтүп жаткан жери жок. Анткени Ө.Текебаев болгону фракциянын лидери. Учурунда КР ЖК алгачкы парламенттик башкаруудагы төрагасы, б.а. ошондогу Конституциянын  алкагындагы өлкө башчысы А. Келдибековду камашкан. Мага азыркы Текебаевдин тегерегиндеги болуп жаткан нерсе күтүүсүз эмес болчу. Мен ушундай болоорун 3-микрофон аркылуу айткан жайым бар. Мен тарабынан айтылган көп нерселер орундалып жатат. 

Эгерде бийлик кайсы бир адамды өз кызыкчылыгына колдонсо, ошону менен бирге ошол адам көптөгөн адамдарга кыянаттык кылса, эртедир- кечтир бийликтин муштумуна кабылуу менен чектелбестен, жасаган кыянатчылыктары кайрылып келээрин тарых барактарында аттын кашкасындай жазылып турат. Кыргыздар мындай жагдайды келме кезек десе, башка элдер жашоо бумеранг деп койгон.

—Жеке өзүңүз Ө.Текебаев менен узак убакыт соттошуп жүрдүңүз. Ошондой эле сиздин мурунку партиялаштарыңыз да бул кишинин наамына карата бир топ сын-пикирлерди айтты. Мисалы, А. Келдибеков. Ө. Текебаев чындап эле өзү түзгөн системанын курмандыгына айланды деп айтуу жөндүүбү?

—Текебаевдин камалганын учурунда бийликтин куугунтугуна аеосуз кабылгандар табалаган жокпуз. О.э. күнөөлүүбү же күнөөсүзбү, аны күч органдары, соттор чечет. Бирок чынында өзү демилгелеген мыйзамдарынын, түзгөн системасынын курмандыгы болду. Бул факт. Ө. Текебаев, А. Салянова, Д. Нарымбаев баштаган «үчилтик» биригип жалган көрсөтмө менен, б.а. « мен ага пара бергем» деген шилтеме менен көптөгөн адамдарга кылмыш ишин ачышып, канчалаган адамдардын тагдырларын сындырышты. Мына ошол мыйзамда жазылбаган норманы укук талаасындагы системага айландырышты.

Акыры келип үчөө тең өз системаларынын курмандыгы болушту.  Мына ошол системанын запкысын А. Келдибеков, К. Ташиев, Н. Түлеев ж.б. баарыбыз бул нерсени өз жонтерибизден өткөргөнбүз. Ал эми видео-отчет «Коогалаң» боюнча биринчи айлампада райондук, шаардык сот менин пайдама чечкенде, Ө. Текебаев КР Жогорку Сотуна кысым көрсөткөн соң биринчи инстанцияга Октябрь райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн. 2016-жылдын күзүндө, экинчи айлампанын алкагында  райондук, шаардык сот кайрадан менин пайдама чечип беришти.

Эми Жогорку Сот калды, мен эми сот адилет болот деп ишенем. О.э. силердин гезитиңер аркылуу А. Сасыкбаева «Курманжан Датка» комплекси боюнча жалган жалааларды жапкан.  Бул боюнча да А. Сасыкбаева менен соттошуп, жыйынтыгында ал соттон утулуп, ага 10 000 сом айып пул чегерилген. Биринчи май райондук сотунда дагы бир соттук процесс болуп өттү. Бул иш да Сасыкбаеванын Ош окуясы боюнча мага жапкан жалган жалаасынын негизинде болуп, сотто А. Сасыкбаева жалган жалаа жапкандыгы үчүн аны 50 000 сом айып пулга жыкты. Бул акчалар Ош шаарындагы балдар үйүнө которулат.

— «Ата Мекенчилер» болуп жаткан кырдаалды башка өңүткө буруп, буга башка бир саясий боек сүртүүнү көздөп жатат дегендер жок эмес. Бул нерсе кандай жыйынтык бериши мүмкүн?

—А. Салянова мыйзамсыз эле «Ата Журт» партиясынын он чакты депутатына кылмыш ишин ачкан. Башында жабыр тарткан депутаттар да митинг, жол тосуу ыкмасын колдонушкан. Мен бир аптада жети күн болсо, анын  төрт күнүн УКМКда өткөрчүмүн. Мен коллегаларымдын бирин дагы ошондой кыйын күндө таштаган да, саткан да жокмун. Колуман келишинче колдодум. Бул жаатта чоң тажрыйба топтолуп калды. Ошондуктан мен Ө. Текебаевдин тарапташтарына айтаар элем.

Байма-бай өтүп жаткан митингдер Ө. Текебаевке тоскоол болот жана бир гана зыянын тийгизет. Өз мезгилинде Н. Түлеевге, С. Жапаровго, Т. Мамытовго, К. Ташиевге жана А. Келдибековго: «Кылмыш-жаза кодексин карагыла, андагы талаптарды сактап, мыйзам чегинде күрөшкүлө,- деп айткам. — Жалган жалаа менен силерди камадыбы, бир ганга жол бар. Ал сот аркылуу акталып чыгуу». Мен азыр да ушул сөздү Өмүрбек Чиркешовичке айтат элем: «Сиз мыйзамды жакшы билген кишисиз. Бир гана мыйзамдын жолу менен акталышыңыз керек. Эгер ак болсоңуз. Жөн эле элди дүрбөтүүнүн кажети жок».  Ал эми азыркы кырдаал акырындык менен өз калыбына келет.

—Ушул эле «Ата Мекен» партиясынын башка да мүчөлөрүнө кылмыш иштери козголгон. Алар аны саясий куугунтук катары кабылдап жатышат. Чындап эле саясий куугунтуктун белгилери барбы же «атамекенчилердин» актануу аракетиби?

—Мен А. Салянова боюнча бир нерсени айткым келет. А. Салянова КР ЖК  V чакырылышында 17 депутатка кылмыш ишин козгогондо, булардын эл өкүлү, төрага, фракция жетекчиси экенине караган эмес.  Адам укугу бузулуп, демократияга доо кетти деген сөздөрдү уруп ойнобой тебелеп, басмырлап туруп кылмыш ишин ачкан. Митингге чыккандарды камап, айып пул салып, араң жанын багып жүргөндөргө кысым кылган.  Өзүнө тапшырылган ыйгарым укуктарын ашыгы менен пайдаланып, оппозициядагы фракцияга күчүнүн жетишинче кысымын көрсөткөн. Ал эми азыр А. Саляновага кылмыш иши козголгондо жогорудагы ыйык сөздөрдү сүйлөй баштаганы — бул эки жүздүүлүк.

—«Ата Мекенчи» депутат Ө. Абдрахманов «мен бул тууралуу төрт жыл мурун айткам» деп билдирди. Л. Маевский да 2010-жылдын жаз-жай мезгилинде болгон иш деп көрсөтмө берди. Эмне үчүн арадан жети жыл өтүп, Ө.Текебаев оппозицияга өткөндө бул иш козголуп жатат?

—Ө. Текебаев эч качан оппозицияда болгон эмес.  А. Атамбаев, Р. Отунбаева ж.б. биригип бийликке келишип, мамлекетти жети жыл башкарып келишти. Ал эми коалициядан кеткен соң оппозиция катары эмес, табакташ катары бири-бирин чукугандары — бул оппозициялык маанай эмес, ал ич ара бийлик бөлүшө албай жаткандардын эле таймашы. Оппозиция деген түшүнүктү бурмалабаш керек.

Оппозиция эл кызыкчылыгын көздөйт. Ал эми Ө. Абдрахманов бул иш боюнча ЖКнын жыйындар залындабы, ММКгабы, же болбосо Башкы прокуратурагабы, төрт жыл мурун кайрылган болсо, кандай себеп менен өз убагында кылмыш иши козгобогонун, анда А. Саляновадан сураш керек. Эгерде кызматын кыянаттык менен пайдаланган болсо, жоопко тартыш керек. Эмне себептен кылмыш ишин козгободу. Бул сурооңуз сөзсүз түрдө А. Саляновага берилиши керек.

—Ө. Текебаевди суракка чакырбай эле мамлекеттин иши менен иш сапардан кайтып келе жатканда аэропорттон кармалышы коомчулукта талкууга алынып жатат. Сиздин пикириңиз?

—Кезинде Салянованын санкциясы менен Н. Түлеевди үйүнө спецназдар  менен барышып, 12 жашар баласына дейре колуна кишен салып, күч колдонуп алып кетишкен.  ЖКда  бул маселени карап, мурунку башкы прокурорлор Ф. Кулов менен М. Абдылдаев, К. Абдиев, К. Осмонов баштаган эң күчтүү юристтер, баарыбыз мыйзамды одоно бузганын, адам укуктарын тебелөөнү, демократиялык өлкөдө мындай мыйзамсыздыкка жол бербөөнү сураганыбызда А. Салянова «мага акыл үйрөтпөгүлө» деген. Керек болсо баарыңарга кылмыш иш бар деп сөөмөй кезеген.

Ал эми Ө. Текебаев, Конституциянын атасы: «Вор, взяточник должен сидеть в тюрьме»,- деп ар бир депутатка кылмыш иши козголгондо чарчабай айтып жатты. Ал эми  тергөө иштери бүткүчө үй камагына чыгарып туруу маселеси каралып жатканда митингге чыккандарды, жол тоскондорду камагыла дегенден башка сөз айтпайт эле. Тебетей тегеренгенче А. Салянова, Ө. Текебаев, А. Шыкмаматовдор өздөрү түзгөн системанын торуна өздөрү түшүштү. Биз, «Ата Журт» партиясынын депутаттары, партия мүчөлөрү көргөн азап-тозокторду, жалган жалааларды, тебеленген тагдырларды, ж.б кордуктарды эч ким көрбөсүн.

—Бийлик Ө. Текебаевди камакка алуу менен башка оппоненттерин коркутуп, алдыдагы президенттик шайлоого өз талапкеринин мүмкүнчүлүгүн жогорулатып жаткан жокпу?

—Бийлик өз талапкерин мындай жол менен алып келем десе жаңылышат. Себеби элибиз жаратылышынан эркин, о.э. акыйкатты туу туткан эл. Элибиз да көп нерсени түшүнүп калды. Кайсы саясатчы эл үчүн күйөт, кайсы саясатчылар өз бизнесин коргогону бийликке келет, кайсы саясатчы бийлик аркылуу мыйзамды бузуп, байыганы келгенин билет. Ошондуктан шайлоочулар да добушун сатпай, кыргыз үчүн күйгөн татыктуу  кыз-жигиттеринин арасынан бирөөн президент кылып шайлап алаарына мен ишенем.

Анарбек Абазбеков

Булак: "de-facto"

Последние новости