www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыктар боюнча айыпталып жаткан саясатчылардын иши 11-августта жабык каралды.
Сот залына журналисттер киргизилген жок. Айыпталуучу Темирлан Султанбеков соттун жабык өтүшүн «акмакчылык» деп атап, өздөрүн күнөөлүү эмес деп билдирди.
Анын адвокаты Асел Аргымбаева сотту ачык өткөрүү жана айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн бергенин, бирок судья аны канааттандырбаганын айтты.
Бул иш боюнча Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана Кубанычбек Кадыровго бийликти күч менен басып алуу, дагы бир нече адамга массалык башаламандыктар беренеси боюнча айып коюлган. Айыпталуучулар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагууда.