www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга “Апрель революциясынын баатырлары чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жиберилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
КР маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун айтымында, мыйзам долбоору “Апрель революциясынын” баатырларынын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында сунушталган.
Жакшы көрүнүш, жакшы ой-тилек "и так" эле чокунун атын башкаларга деле берип атпайбызбы? Дегенибиз менен чоку го чоку, атты миң жолу алмаштырсак деле чокчоюп тура берет. 2010-жылдагы берген анттарын аткарса жакшы болот эле деген ой жаралат. Антын аткара албаса, "чокусуна" ант береби? Бул көрүнүш "тил эмизүү" эмеспи? - деген ой жаралат. Андан көрө убадаларын аткарып, "жоооо-ооок" дегенде электр жарыгын арзандатып койсо жакшы болот эле го...
Баса бул мыйзамды КР "ушакчы" парламенти 3 окууда 3 мүнөттө колдоп, добушун берет. Азыр эле мыйзам өттү деп койсок болот.
Булак: NazarNews.kg