www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мандат тапшыруу, жаңы мандат алуу деген нерсе азыркы Жогорку Кеңештин күнүмдүк жашоо образына айланып баратат. Ырас, айрым критерийден алып караганда партиялык тизменин көпчүлүк шарданы менен келип калган айрым чалагайым депутаттар иргелип, татыктуулардын келишине бул жакшы эле өбөлгө. Өткөн жумада Жогорку Кеңештеги КС ДП фракциясынын кезектеги тизмеси менен Канат Керезбеков мандат алды. Негизинен Канат мырза өзүн жаңы муундун кадры, реформатор катары көргөзө алган. Жасаган ишинен майнап чыгарып, колунан эмне келээрин эбак далилдеп койгон.
Ал эми мандат маселесине келсек, эмки кезек президенттик администрация башчысынын мурунку орун басары Икрам Йлмияновдо экен. Икрам мырза тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келет. Сындагандар, суктангандар, көрө албагандар, ичи тарыгандар, кошоматтангандар, айтор ар түркүнү бар. Канткен менен Икрам мырза өзүн бардык тараптан көргөзө алды. Ажо деле ишеничине кирбеген, купулуна толбогон адамды жанына алып жүрбөйт да. Андыктан Илмияновдун изи, Жогорку Кеңешти карап түздөнүүсү мыйзам көрүнүш, ишенимдүү команданын курамын кеңейтүү десек болот го
Булак: “Мантыш”