www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Биресе шайлоо деле жакшы экен деп калабыз. Эзели элетке басып барып, ким бирөөнүн көйгөйүн жөн эле угуп койбогон мыкты сымактар так ушул шайлоо учурунда элетти түрө кыдырып, элдин көйгөйүн угуп, кейимиш болуп, анан андан упай топтооого жан сабашат. Ушу тапта Темир Сариев эл аралап, элге күйгөн киши болуп кыдырып жүрөт. Албетте, буга себеп күздө өтө турган президенттик шайлоо. Болбосо Темикен качан Ош облусунан тартып Баткенге чейин барып эл менен жолугушчу эле?

Балким шайлоо болбогондо Сариев таптакыр басып да бармак эместир. Арийне эмнеге эл башы болгусу келгенде эртелеп элетти аралап, беш жыл, жок де­генде эки жыл мурла элге кызмат кыла башташпайт? Качан кычаганда кыйкырып, кыдырып, эл үчүн өпкө-боорун сууруп чыга калышат? Ой, саясий жүрүштө деле кичине өсүш болуш керек го. Бой өспөсүн мейли, бирок ой өсүш керек го, акыры...

Булак: “Мантыш”

< Предыдущий

Последние новости