www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туратбек Мадылбеков “жым” го!

Ата Мекен» үчүн тамагы айрылганча айкырып, Текебаев үчүн төшүн дзотко тоскондон кайра тартпаган Туратбек Мадылбеков деген эргул негедир дымы чыкпай, үнү угулбай турат. Негизи эле Текебаевдин жакшылыгын көргөн, далай жигит-кыздар ооз ачканга жарабай, пенделик парасаттан өйдө көтөрүлө албай жаткансыйт.

Көрсө уларга бийлик берсең гана сайрап, болбосо сатып кете берет турбайбы. Башкасы башын көтөрө албаса да  Мадылбеков чыгып, адатынча айкырып койсо түзүк  болмок.

Анткени Чиркешовичтин ашын ичип, нанын жеди. Колтукташып бирге жүрдү. Айтор жакышылыгын түзүк эле көрдү. Анан ушундай күндө колдой албаса, абийири тынч уктатабы? Бабалардын нускасында: «Салкын тоону кыян жууп, салт бузулат сак болгун, калыс сөзүн айталбай, калк бузулат сак болгун» деген экен. Ошол заманга келип турабыз. Аттиң десе, элдин бузулганы ушул эмеспи?

Булак: “Мантыш”

Последние новости