www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тез чаптоочу клей жашообузду көп нерседен куткарганы менен колго жабышып калганда тез убакыттын ичинде кургап, кетирүү кыйын болот. Кийимге жабышып калса, андан да жаман. Төмөндө дал ушундай абалдан кантип чыгуу керектигине байланышкан маалыматтарга көңүлүңүздү бурабыз.

Колуңузга клей жабышып калган учурда эң алгач идишке жылуу суу толтуруңуз. Ага колду салып, эки мүнөт күтүңүз. Артынан колду самындап жууп, ушалаңыз. Бул учурда клей жумшара баштайт. Андан соң клейди акырын сыйрып, чыгара бериңиз.

Кийинки ыкма ацетон методу деп аталат. Бир ууч ватага бир канча тамчы ацетон тамызып, клей жабышкан жерлерге тампон түрүндө басыңыз. Жабышкан клей сыйрылгыча бул кыймылды уланта бериңиз.

Үчүнчү ыкмада зайтун майы жана тамак-аш содасын колдонобуз. Бир чоң кашык зайтун майы менен бир чай кашык соданы көпкө аралыаштырып, гель сыяктуу даярдап алабыз. Аны клей жабышкан жерге сүйкөп, 5 мүнөк күтүтңүз. Андан соң самындап жууп коюңуз.

Кийимге жабышкан клейди кантип кетирсе болот?

Кездемеге төгүлгөн клейди кетирүү үчүн алгач ал жерди тиш щеткасы менен сүртүңүз. Андан соң ватаны изопропил спиртине малып, жабышкан жерге басыңыз. Эгер кездеме түсүн өзгөртүп жибербесин десеңиз, анда лимон согу менен уксусту аралаштырып, ал жерди тиш щетка менен сүртүңүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости