www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nestle кыргыз фермерлеринен чийки зат сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Анын айтымында, компания Кыргызстандан чийки зат сатып алууга кызыктар.

Токтогазиев компания менен байланышуу кыйынга турганын, бирок биринчи сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн, алардан сунуш күтүп жатканын билдирди.

«Негизи «Нестле» менен сүйлөшүүнүн өзү эле ийгилик. Компания өтө чоң, анын капиталы 290 миллиард доллар, жылдык кирешеси – 14 миллиард доллар. Бул Кыргызстандын ИДПсынан да көп. Мен чийки зат сатып алууга жооптуу киши менен сүйлөштүм. Ал Кыргызстанда болгон экен жана бул жак жагыптыр. Ал эң даамдуу помидорду Жалал-Абад облусунан жегенин айтты.

Компания ар түрдүү багыттагы тамак-аш продукцияларын чыгарат, алардын бири – тез түштөнүү. Силер билесиңер, бизде картошка көп өстүрүлөт, анын көбү арзан сатылууда, фермерлер чыгаша тартып жатат. Бизде кургатылган мөмө жемиштерди Орусия рыногуна ташыган компания бар. Бул секторду өнүктүрүү менен биз Нестле эле эмес башка ири компаниялар менен да кызматташа алабыз. Айрым азыктар тез бузалат, бирок аларды кургатуу жана тоңдуруу аркылуу сактоо көйгөйүн чечсе болот», - деди Токтогазиев.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргызстандык фермерлер кайра иштетилген сырьену экспорттоого мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз тарап эки ай ичинде анализ жүргүзүп, кайсы продукцияларды кандай өлчөмдө Nestle компаниясына жөнөтө аларын аныктоого тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости