www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башында президенттин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Текебаевди бошотуу талабы менен чыккан экс-президент Роза Отунбаеванын талабын  канааттандыруудан баш тарткан. 16-июлда чыгарбаса оппозицияга өтөм деген Өмүрбек Текебаевдин иши 21-августка жылдырылды. Текебаевди эмне кылыш керек деген пикир бийликтин башын катырмай болду. Анткени, аны дагы камаса оппозицияга өтөт.

 Бошотуп жиберсе ага өкүм чыгарган сотторду да «тазалаш» керек болуп калат. «Текебаев таза экен» деп чыгарып жиберген менен Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев, ишти иликтеген тергөөчүлөр жөн эле жүрө береби? Текебаев аларды да камаш керек деген талап коёт.

 Мунун баары чоң күрөшкө айланат. Анын жыйынтыгында мурдагы президенттин тушунда запкы жегендер ал тарапка ооп, күрөш курчуйт.

 3-майда Жогорку сот Текебаевдин жана Чотоновдун ишин 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары ишти жаңы ачылган жагдайлар менен кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага апрель айында кайрылган. Мунун алдында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында Текебаевдин ишин кайра кароого даяр экенин айткан.

 Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов соттук коллегия ишти кароону 21-августка жылдырганын айтып, бул чечимге нааразы болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости