www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иши боюнча соттук отурум башталды. Коррупция боюнча айып мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго гана эмес, президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаевага да тагалууда. Процесстин башталышында судья андан өзүн күнөөлүү деп моюнга аларын сурады. Мира Аскеровнанын буга берген жообу толугу менен келтиргенге арзыйт:

«Ар бир акыл - эстүү адамдын түшүнүгүндө коррупция - бул кандайдыр бир кызматты ээлеген чиновниктин өзүнө пайда табуусу. Томдордун баарын окуп чыкпасам да менин кандай пайда тапканым жөнүндө иште бир да сөз жок. Ошондуктан мага коюлуп жаткан күнөөнү түшүнбөйм. Мен тейлөөнү сатып алуу боюнча чечимдерди кабыл алууга да, келишимге кол коюу процессине да, кандайдыр бир экспонаттарды кабыл алып өткөрүп берүүгө да катышкан эмесмин. Менин колум эч бир жерде жок, ал жакта бул экспонаттарды, анын ичинде ат түрүндөгү экспонаттарды да кабыл алышкан музейдин конкреттүү кызматкерлеринин колдору турат. Мен эч кандай финансылык каражаттарды да башкарган эмесмин. Анан бул кандайча коррупция болушу мүмкүн?

Анүстүнө, иште менин жетекчилигим астында өттү деп айткыдай кеңешменин бир да протоколу жок. Бирок айыптоодо мамлекеттик Тарых музейинин жаңы концепциясы тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия тарабынан жактырылып, КРнын маданият министринин буйругу менен бекитилген деп айтылган. Бул фраза кандай негизде мени айыптаган корутундунун бир бөлүгү болуп жатат? Башкача кандай болушу керек эле?

Ооба, мен тарых комиссиясына бул процесс ачык болсун үчүн коомчулукту тарткам, музей ачылгандан кийин тарыхчылар тарабынан сын айтылбасын, катачылыктар азыраак болсун дегем. Ооба, мен чынында эле Тарых музейинин мазмун бөлүгү жаатында көп иштерди аткардым, тексттер менен маалымат алып жүрүүчүлөрдүн бардык типтери менен иштедим. Эч кандай дизайнерлик маселелерге тийешем болгон эмес, анткени мен сүрөтчү да, дизайнер да эмесмин, мен мында компетенциялуу боло албайм. Мен көргөзмөнүн тексттери менен гана иштегем, анан ошон үчүн эле мени соттош керекпи?

Анан акыркысы. Мага бул айыптоо корутундусунун тону менен тили жакпайт. Мисалы, мына бул эмне:

"Менин өлкө башчысына жагалдануумдан көрүнүп тургандай"? Кадырлуу судья!

Мен өз өлкөмө, элиме кызмат кылуу жана кимдир бирөөгө кызмат кылуу деген түшүнүктөрдү так айырмалайм. Мунун биринчисин мен кайсы жерде иштесем да өмүр бою жасап келатам. Экинчисин эч качан кылган эмесмин. Ошондуктан мен сотто бул маселелердин баарын жайбаракат, кызуулукка алдырбай талкуулап, бардык далилдер көрсөтүлсө сот да адилет болот деп ишенем. Өз күнөөмдү толугу менен моюнга албайм!" - деп жооп берди Мира Карыбаева.

Процесс жаңыдан гана башталууда. Мира Карыбаеванын "коррупциянын" негизинде кандайдыр бир пайда тапканын далилдей албаган тергөө шерменде болуп отурат. Эми сот кандай жүрөт, ага каршы эч бир далилдер болбогон адамды кылмышкер деп атай алабы, аны көрө жатарбыз, дейт "Багыт.kg".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости