www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов соңку кезде “фейк маалыматтар” маселеге айланганын билдирди. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан медиа конференциянын жүрүшүндө айтты.
Жаманкулов Кыргызстанда сөз эркиндиги барын жана бийлик органдары шартты түзүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
“Кыргызстанда маалымат каражаттары үчүн жабык темалар жок”, - деди Жамангулов.
Министр азыркы учурда жалпы дүйнө үчүн Интернеттеги “фейк маалымат” маселеге айланганын белгилеп, бул жаатта журналисттер менен бирге иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.
Конференциянын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир азыркы шартта сөз эркиндигин камсыздоо жана жарандарга эркин маалымат жеткирүү үчүн журналисттин коопсуздугу маанилүү экенин белгиледи.
Дезир буга чейин журналисттерге кол салуулар болгонун белгилеп, буга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты.
“Учурда физикалык жана вербалдык түрдө кол салуулар болуп жатат”, - деди ал.
ЕККУнун өкүлү журналисттик иликтөөнү жүргүзүүгө шарт түзүүгө чакырды. Жыйынга катышкан Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев өлкөдөгү сөз эркиндиги жаатындагы жетишкендиктерди Кыргызстандын сыймыктарынын бири деп атады.
Булак: NazarNews.kg