www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент облустук мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы президенттин сапары алдында «Калдиргоч» бала - бакчасы үчүн жеке дүкөндөрдөн карызга эмерек алып, акчасын кайтарып бере элек.

Дүкөн ээлеринин айтымында, кеп жалпы баасы 76 миллион сумдук (9 миң АКШ долларына жакын) эмерек жана тиричилик техникасы жөнүндө болууда.

«Президенттин аталган бала - бакчага келээрине бир күн калганда биз жалпы баасы 76 миллион сумду түзгөн эмерек жана тиричилик техникаларын карызга бергенбиз. Ташкент облустук мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы биздин эсепке акчаны мамлекет башчы кеткенден кийин которууну убадалаган. Бирок андан бери бир ай өтүп, макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганына карабастан, биз акчабызды ала элекпиз. Алар жөн гана ишкерлерди алдап кетишти», - деди жеке дүкөндөрдүн биринин ээси.

Аталган мамлекеттик органдын өкүлү ишкерлердин бул билдирүүлөрүн ырастады.

«Азырынча биздин каржы бөлүмүбүз акча бөлө элек. Кийинки жумада которобуз деп убадалашты/ Биз бул темада ишкерлер менен сүйлөшүп, абалды түшүндүрдүк», — деди аткаминер.

Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев аймактарга жасаган сапарлары маалындаты «жасакерликти» сынга алганы менен, өлкөдө мындай учурлар дале болсо кеңири жайылган көрүнуш бойдон калууда, деп өз пикирин жазган "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости