www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн мекендештерге көмөк көрсөтүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Министрлик жарандарды Мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралардын экинчи этабы башталганын маалымдайт.

Мурда коопсуз коридор аркылуу Катар Мамлекетинен Сауд Арабия Королдугуна келген кыргызстандыктар учууга чейинки зарыл болгон бардык жол-жоболордон ийгиликтүү өтүштү. Азыркы учурда Эр-Рияд — Бишкек багыты боюнча атайын авиакаттам көздөгөн багытына карай учуп чыкты.

Учурда учактын бортунда Кыргыз Республикасынын 166 жараны бар. Министрлик аларды тосуп алуу жана андан аркы жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чараларды толук координациялоону улантууда.

Кошумча маалымат каттам «Манас» эл аралык аэропортуна келгенден кийин берилет.

Последние новости