www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Польша Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Войцех Зайончковский менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-польша кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алышты.
Кыргыз тарап ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн негизи катары диалогду чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу жана туруктуу саясий диалогду жүргүзүүнүн мааниси белгиленди.
Бул контекстте тараптар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери ортосунда жакын арада саясий консультацияларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тарап ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоону өтүнүп, шайланган учурдагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.