www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Беш жылдан ашык иштеген директорлорду кызматынан кетирүү жарлыгы адам укугуна доо кетирет, Эмгек кодексинин талаптарына ылайык келбейт», - деди бүгүн, 19-июлда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн агай, жаңы окуу жылына чейин 20-30 жылдап мектеп директорлугун эч кимге бербей ээлеп алган директорлор кызматынан кетет экен. Бул Жарлык башка мыйзамдарга каршы келбейби?

- Бардык бийлик тарабынан аткарыла турган аракеттер мыйзам чегинде аткарылууга тийиш. Атап айтканда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүкчөсүндө Ченемдик укуктук актылар юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча төмөнкүдөй иерархияда жайгашат:

Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүчү мыйзам;

конституциялык мыйзам;

кодекс;

мыйзам;

Президенттин жарлыгы;

Жогорку Кеңештин токтому;

Өкмөттүн токтому жана башка ушинтип улана берет. Эми президенттин чыгарган жарлыгы мыйзамдуулук, негиздүүлүк, максатка ылайыктуулук, адилеттүүлүк, айкындуулук принциптери сакталдыбы?

Президенттин жарлыгы Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүчү мыйзам, конституциялык мыйзам, кодекс, мыйзамдарга карама-каршылык жок болушу жана шайкеш келиши керек.

Эгерде кодекс, мыйзамдарга карама каршылык, дал келбөөчүлүк жарлыкта болсо жокко чыгарылууга же өзгөртүүгө тийиш. Тагыраагы, президенттин жарлыгы, мыйзамдардагы боштуктан улам, зарылдыгына ылайык, ченемдердин жоктугунан иштелип чыгат.

Ал эми президенттин жарлыгындагы мазмунунда:

– конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;

– кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет, иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер менен катар жалпы негиздерде жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу-деп жазып жатат. Бул жарлык адам укугуна доо кетирет. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык келбейт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 1-статьясында, Эмгек мыйзамдарынын максаттары жарандардын эмгектик укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө, кызматкерлер менен иш берүүчүлөргө иштин ыңгайлуу шарттарын түзүү, укуктарын жана таламдарын коргоо болуп саналат-деп так жазылган. Ал эми 83-статья. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу.

Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн:

1) уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо;

2) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу;

3) кызматкер төмөнкүлөрдөн улам ээлеген кызматына же аткарган ишине дал келбеген:

а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу;

б) аттестациянын натыйжаларында тастыкталган квалификациясынын жетишсиздиги, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралуу маалымкат, барак чыгаруу жана башка маалыматтар жөнүндөгү актыларга ылайык;

7) эмгек мамилелерин улантууга кедерги болуучу өзгөчө жагдайлардын (согуш аракети, кыйроо, табигый кырсыктар жана башка өзгөчө жагдайлар) келип чыгышы, эгерде мындай жагдай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен таанылса деп турат.

85-статья. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуунун тартиби.

Кызматкерди ээлеген кызматына же ден соолугуна карата аткарган ишине же ошол ишти улантууга тоскоолдук кылуучу жетишсиз квалификациясына байланыштуу иштен бошотууда иш берүүчү кызматкерди кеминде 2 жума мурда эскертүүгө милдеттүү.

88-статья. Тараптардын эркинен тышкаркы жагдайлар боюнча эмгек келишимин токтотуу

Тараптардын эркинен тышкары эмгек келишими төмөнкүдөй жагдайлар боюнча токтотулууга тийиш:

1) кызматкер аскердик же аны алмаштыруучу альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылгандыгына, ошондой эле күйөөсү (аялы) башка жерге кызматка которулгандыгына байланыштуу;

2) кызматкер мурда аткарган иш эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же соттун чечими боюнча калыбына келтирилсе;

3) ишке алуунун белгиленген эрежелери бузулса;

4) кызматкерди мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүнө ылайык мурдагы ишин улантууга мүмкүн болбогон жазага тартышса;

5) шайлануучу кызматка шайланбай калса;

6) кызматкердин же иш берүүчүнүн - жеке жактын өлүмү, ошондой эле кызматкер же иш берүүчү - жеке жак сот тарабынан өлдү же дайынсыз жоголду деп таанылганда - деп Эмгек кодексте турат.

Президенттин жарлыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине шайкеш келбегендиктен жараксыз болууга жатат деп эсептеймин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости