www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Washington Post жазган АКШ бийлиги Киевдин "Түндүк агымга" жасалчу чабуулдардын планынан кабардар болгон деген маалыматына комментарий берди. Баары ансыз деле түшүнүктүү болгонун, ал жерде иш ыплас, "таза эместигин" айткан.

РИА Новости маалыматты Washington Post басылмасынын макаласынан улам жазган. Анда АКШ Киев бийлигинин анча ири эмес дайверлер тобун пайдаланып жатканын, "Түндүк агымда" жашыруун чабуул коюу планын теракты болордон үч ай мурда билгени жазылган. Анда аталган топтун Украинанын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгына түз отчёт берип турганы айтылган.

Газета план майда-чүйдөсүнө чейин Европа мамлекеттердин биринин атайын кызматынан алынып, чогултулуп, 2022-жылдын июнь айында АКШнын ЦРУсуна берилген. Европалык чалгындын билдирүүсүн америкалык аскер Жек Тейшер Discord социалдык тармагына жарыялап жиберген.

"Алар жарыялаган маалымат чындыкка канчалык деңгээлде дал келерин билбейбиз. Бирок ал жакта чындыгында ыплас нерсе бар экени эч ким үчүн ачылыш деле эмес болчу", — деп Песков журналисттерге жооп берген.

2022-жылдын 26-сентябрында Европага россиялык газды экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2" түтүктөрүндө жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция кадимкидей эле максат коюлуп жасалган диверсия болгонун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG газ куурларын оңдоонун мөөнөтүн так айтууга мүмкүн эместигин билдирген. Россиянын башкы прокуратурасы эл аралык террорчулук актысы боюнча иш козгоону демилге кылган.

Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөрдү магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып АКШнын деңиздеги аскер күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жозеф Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.

Кийинчерээк британиялык The Telegraph гезити Батыштын атайын кызматтары "Түндүк агымдагы" терактыларга украиналык бизнесмендин тиешеси бар деген пикирде экенин жазып чыккан. Ал эми The New York Times гезити россиялык газды Европага жеткирүүнүн негизги маршрутун украиналык топ жарактан чыгарганын, бул адамдардын планынан Киев бийлиги кабардар болбогонун маалымдаган.

Кийинчерээк Пентагон АКШнын газ куурларды жардырууга эч кандай тиешеси жок деген билдирүү тараткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости