www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын ыкчам иш-аракеттерине мыйзам тоскоол болуп жатат. Мындай пикирди бүгүн, 3-июнда кылмыш жана административдик-укуктук кодекстерден чыккан маселелерди талкуулап жаткан учурда NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Токтайым Үметалиева билдирди.

--“ИИМдин Академиясында ачылган калк менен байланыш жана кызматташуу борборунун базасында окутуучулар жамааты квалификациясын жогорулатуу курстарында иштеп жаткан кызматкерлерге жана ички иштер органдарынын келечектеги кызматкерлерине калк менен иштөөнүн социалдык-тейлөө көндүмдөрүн үйрөтүүсү зарыл. Милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, жашы жете электердин иштери боюнча тескөөчүлөр, жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматкерлери, милициянын көчмө кабыл алуу бөлүмдөрү калк менен жолугушуунун көрсөткүчтөрүнүн санынан сапатка өтүшү керек.

Милициянын ыкчам иш-аракеттерине мыйзам тоскоол болуп жатат. Ал эми азыр беренелерге бир топ өзгөртүүлөр кирди. Талкууда катышуучулар ар кандай ойлор, пикирлер айтылып талаш маселелер болду. Негизи беренелерге өзгөртүүлөр милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттерине тоскоолдук болбогудай болушу шарт. Азыр коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө дагы бөгөт коюлуп, кылмыштар азаймак”, - деди саясатчы.

Эске сала кетсек, ушул беренени Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө алышы керек.

Эгер 2019-жылы кабыл алынган мыйзам өз ордунда кала берсе, карапайым калк мындан ары дагы какшап кала берет. Элдин шорун кайнаткан батышчылдар жазган берененин үзүрүн жактоочулар жана “кас мыйзамды сүйгөндөр” көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости