www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген, дүңүнөн талкуусу жок эле кабыл алынган  кодекстердин күңгөй-тескейин билүү максатында айрым инсандарга байланышып, кодекстин  артыкчылыгы жана кемчилиги кайсылар деген  суроо салдык.

- Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген Кодексти каржылаган донорлордун алдына коюлган маселе укук талаасын гумандаштыруу болсо,  кодексти этеги коррупционерлердин гүлдөшүнө жол ачты. Бүгүнкү кодекстерде түкүрсөң 5 500 сом төлөйсүң дегени жазылбаганда байкалбай калмак. Бул кодекстердин артыкчылыгы деп баса белгилеген жагдайларды эске алганда дагы  мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч алып келген документ  болуп калганын эстен чыгарбашыбыз керек. Эң бир оор кылмыштар 30дай берененин тегерегинде жөнөкөй жорукка айланып, эл аралык кылмыш топторго кире баштаган   Кыргызстанды ошондой топтордун борбору катары колдонгонго жол ачты. Бир койдун баасынын тегерегинде айып пул төлөп чыгып кетип, оор кылмыштарды кыла бергенге мүмкүнчүлүк берилди.

Эң коркунучтуулары: Жоруктар кодексинде адамдын ден соолугуна зыян келтиргендер билимсиз адамдар, аялдардын боюнан бала чон мөөнөткө келгенде түшүрүү, пенсия пособиелерди урдоо, сууну, абаны кирдетип ууласа, токойлорду талкаласа,  адамдын органдарын сатса, жарабаган  дары дармектерди, аппараттарды алып келип сатса, мамлекеттик алтын кендерде уруулук кылса, концентранттарды алтыны менен урдаса, кредиттерди жеп койсо  айып пул төлөп, канча жолу мындай кылмыш кылса да чыгып кете берет. Эми Жаза кодексинде шумдуктун шумдугу орун алды. Ээси үйүндө жок болсо да, ага билгизбей, кирип аңтарууга жол берилди. Бул нерсе Конституциядагы ар бир үйдүн коопсуздугуна каршы иш болду.  Үй тинтүү иштерин жүргүзүүгө, эч кандай соттон уруксатсыз кирүү деген берене кабыл алынып калды. Баарынан коркунучтуусу коррупцияга малынган сотторго жол ачкан 8 тепкичтүү айып пул төлөө системасы киргизилди. Ошондой эле Жаза кодекинде да Жорктурда дагы кээ бир кылмыш иштерге байланыштуу беренелер сакталып калган. Ал нерсе паракор сотторго табылгыс нерсе. Соттордун иштерин жаңылап,  тескерисинче паракорлук жеп ичүүсүн көбөйткөнгө алып келдик. Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстер менен милициянын ишин жокко чыгарып,  жарандарды коргоо структурабызды талкаладык. Эч бир мамлекет мындайга жол ачып бербейт. Тергөөчү сотторго  билими жок коррупционерлерди алып келишине шарт түзүлдү. Тергөөчү сот болуш үчүн суралган паранын суммасы жөнөкөй сотко орношкондон эки эсеге көтөрүлдү. Президенти тегерегинде мамлектчил  адистердин жоктугу мына ушундай баш аламандыкка алып келди.

Өкүнүчтүүсү, беш эмес он беш кодекс болсо деле хоп майли менен кабыл алынып калды. Көбүнчө мындай оор маселени карап окугандар аз. Зулушев, Бокоев, Женчороев деген депутаттар гана  чырылдады. Бирок, алардын үнү жеткен жок. Бир топ проффесор академиктерибиз маселенин чоо жайын түшүнүп, билип турса да,  президентердин колунан ордендерин алышканы үчүн кодекстин кемчилигин ачык айта алышкан жок.

Булак: "Фабула"

Последние новости