www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин балдызы, министрлерге массаж жасоочу Токтайым Үмөталиева Акаевди кучактап тосуп алайын деп катуу аракет кылды эле Майрам Акаевадан уруксат жок, Акаев «откез» кылды. Ошону менен эл кучагын жайып тосуп алды деген сөз жайылып кетти. Анын үстүнө УКМК «Кумтөр» үчүн «темененин көзүндөй» да күнөө тапкан жок имиш, себеби ал «кристаллдай аппак» экен. Бирок, Акаев менен Үзөңгү-Куушту Кытайга бергенге активдүү катышып Бишкек мэриясынын тегерегин бүт менчиктештирип алган Темир Сариев күнөөлүү болуп чыкты. Анын үстүнө 2005-жылы мартта элдин бары Акаевге тиш кайрап жатса, жаңы депутат болгон Темикең парламенттик жыйында Акаевдин кызын спикер кылып, ага мамлекетти башкартабыз деген демилге менен чыккан.

2016-жылы премьер-министр болуп турган учурунда Темир Сариевдин колу менен бир канча одоно иштер жасалганы эсибизде. Ошонун кесепетинен Темир Сариевге "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып тагылды. Ал өкмөт башчысы кезинде  «Русгидро» менен түзүлгөн келишим бир заматта жокко чыгарылып, ара жолдо Нарында ГЭСтер да курулбай, элибиз 38 миллион долларды орустарга кайта берген. Ошондой эле ойлонулбаган иш АКШ менен дагы кайталанып, жыйырма беш жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан, өтө маанилүү эки тараптуу ЮСАИД боюнча келишим бир заматта чийилип, АКШ менен мамиле толугу менен токтоп, кол үзүлгөн. Жылына жүз миллиондогон доллар гранттар келбей калып, бир канча оорукана жана мектептер, ири долбоорлор токтоп калганы эсибизде.

Эми азыр таң калып жатабыз, «эмне үчүн тажиктерге Америка жардам берип, бизге эч көңүл бурбайт?» деп. Жакынкы күндөрү ал окуянын уландысы болуптур. Темир Аргембаевич көнгөн адатындай, «Америкага сейилдеп барып келейин» деген ой менен визага тапшырса, ага АКШ элчиси жеке өзү мурун достукка балта чапканын эскертип, кол жайып, виза берилбешин жарыялаганын уктук. Эмне дейбиз? Темикебиз, албетте, АКШга барбай койсо деле иши жыла берет. Бирок мамлекетибиздин ири державалар менен жакшы мамилебиздин үзүлгөнү жаныбызды кейиткени чын.

Темир Сариевдин макоолугу арам тамактыгында, талаада жаткан, эч нерсеси жок Кытай фирмасынан жардамчысы 6 миллион доллар алып тендерден өткөзүп, азыр бул жол талкаланып жатат. Урматтуу Атамбаев боорукер экен. Сариевди шак камап, жегендерин кустурса эли журтунан колдоо тапмак эле.

Трайбалисттердин калмагы Темир Сариев контрабандага жол ачып өкмөт башында турганда Бажы Союзуна кирбесек асынып өлөм деп кийирген. 2020-жылы бир топ саясий комбинацияларды жасады. Текебаевдин «Ата-Мекенине» кирип, Жээнбековду жыгайын деди эле, ал көчүккө тээп кубалап чыкты. Адахан Мадумаровко кирип, Текебаевди жыгайын деди эле, ал көчүккө тээп кубалап чыкты. Темир Сариев Атамбаевди колдоп 2020-жылы 9-октябрда бийликке умтулду эле жетпей калды. Сариевдин айтымында ал өкмөт башчысы кезинде Балыкчы-Корумду жолунда Атамбаевдин 7 млрд долларын «тазалап» койот, себеби Атамбаев «Сени бекер жерден премьер кылдымбы» -дептир. Кийин ушул жерден чыр чыгат, Атамбаевге таянган Сариев Министр Малабаев менен кыргыз ишкерлерин жолотпой тендерди эч нерсеси жок кытайлыктарга алып берип койот. Ушул тендер анын өкмөт башчылык карьерасынын аяктоосуна алып келген.

Оштуктарды сасык деп Чүйдөн кубалаган трайбалист “саясий сойкуга” айланган Темир Сариев чүйлүкпү? Атамбаев Темир Сариевке тиш кайрап турганда анын маалыматчылары жазган эле: ”Темир Сариев оштуктарды сасык деп атчандары менен Чүйдөн кубалаган” –деп. Темир Сариев Атамбаевке президенттик жана парламенттик шайлоолордо каршы чыгып жүргөн. Албетте, Үзөңгү –Куушту кытайларга берүүдө “мээнет”кылып кытайдын төртүнчү бөлүмү жана президент Акаев тарабынан сый көрүп Бишкек мэриясынын айланасындагы Киев көчөсүнөн Чүй көчөсүнө чейин имараттардын барын менчиктештирип алып, миллионерге айланган. Ошондуктан, Бермет Акаева спикер болуп Кыргызстанды тейлесин дегенде ак эткенден, так этчү. Байлыгы ашып-ташып анча –мынча партияга “кошёлок” болуп бергенден кайра тартпайт.

Темир Сариев солтонун “Жоо чалыш” уругунанмын деп жүрөт. Калмактар менен басташып турганда кыргыздар колго түшкөн калмактын балдарын бир жерге топтошкон, сарбагыштар “Жети кул”, “Калмакы” деген уруктарга топтосо, саяктар “Итимбоку”, “Котон” деген уруктарга, солтолор “Жоо чалыштын” арасына топтошкон. Темир Сариевдин чоң аталары Жумгалда колхоздоштуруу болуп жатканда, ал жерге батпай Чүйгө көчүп келишип, “Жоо чалыш” уругун байырлап калышкан. Демек, Темир Сариевдин түбү чүйлүк эмес болсо да, ал трайбалисттик көз-карашын абдан өөрчүтүп, Чүйдө солтолор гана жашашы керек деген накта трайбалист.

Темир Сариев Атамбаев камалар менен Садыр Жапаровдун артынан түшкөн. Угушубузча Саламаттык сактоо министрин сураган. Азыр “уу коргошун” менен атагы алыска кеткен Алымкадыр Бейшеналиев Темир Сариевдин койгон фигурасы болсо, анда туптуура эле. Ал Темир Сариевке таянып «уу коргошуну» менен президенттин кадыр-баркын кетире баштады.

Темир Сариев акыркы күндөрү камактын жанын койбой, ошол жактын тергөөсүнөн чыкпай калган. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары сурак берип жүрөт. Бул маалыматты өзү айрым маалымат булактарына тастыктап, бирок чоо-жайын толук айткан жок. Бир күн мурун да суракка чакырылганын жергиликтүү маалымат каражаттарына Аскер прокуратурасындагы жеке булактар маалымдаган.Эми аны Кумтөрдөн тышкары өкмөт кезинде министр Малабаев менен Кытайга иш сапары менен барып кыргыздын ишканасын басып Балыкчы-Корумду жолун кытайлыктардан көп акча алып тендерди берип койгону үчүн сураса болот. Аны өкмөт башчысы кезинде Бажы Союзуна кирип Тажикстандагы контрабандага жол ачканы үчүн сураса болот.

Темир Сариевке Кыргызстандын келечеги эмес, бийлик керек экенин көпчүлүк түшүнүп калды. 2020-жылдагы эле анын саясий кадамдары анын ким экенинин бетин ачты. Шайлоо баштала элек жатып Темир Сариев биринчилерден чамынып өз партиясы «Ак шумкарды» садага чаап, «Ата-Мекен» партиясы менен жарышка чыгарын эл алдына жарыя кылган. Көп өтпөй бул партия менен келише албай, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына оогондугу тууралуу маалыматтар жарыяланды. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да аны ары оонатып, бери оонатып кереги жок экен деп, сыртка чыгарып коюшкан. Ошентип жүрүп шайлоонун тизмеси түзүлүп, Темир мырза эч жакка кошулбай калган.

Тагыраак айтканда, элдин бары коронавирустун азабын тартып, парламенттик шайлоону ойлой элек кезде Темир Сариев “Ак шумкарын” чычканга айлантып Өмүрбек Текебаев баштаган “Жаңы дем” партиясына кирет. Сариевдин негизги оюу лидерлик болгондуктан, ал өтө сыпайы кошоматчылыгы менен “ак сүйүүсүн” Өмүрбек Чиркешовичке билдире баштайт. 2007-жылы да арналган Сариевдин “махабатына” Текебаев ишенбейт да, биринчи орунга Жанар Акаевди алып келет. Ичинде кайнап турган жалындуу сүйүүсү “чокко” айланып, андан соң жокко айланып кеткен Сариев салпалактап партия издеп жүрүп “Каркыраны саттың” деп кардын тешип жүргөн Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясын тандап, эми жүрөгүн Мадумаровго арнай баштайт. “Аялханбы” же Адаханбы жүрөгү жылып баратты эле таластын алдамчыларынын бири ал кездеги Мадумаровдун ишенген адамы Өмүрбек Суваналиев коррупционерлер менен бир болбойм дегендей кылып койсо керек, Мадумаровдун “манты сүйгөн” ооздору Ошингтонду карап, Сариевдин “ак сүйүүсүнө” жооп бербей койот. Эки Өмүрбектен жолу болбогон Темике тентип кетпей башаламандыктан пайдаланып ак сүйүүсүн Атамбаевге арнап жиберген. Сугалак Сариевди мыйзам чегинде жазага тартса, кыргыз эли текши колдомок.

2021-жылдын 3-августунда мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, "Кумтөр" иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгында Сариевди кармоо тууралуу чечим кабыл алынган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Тергөөдө маалым болгондой, Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин жумушунан экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон. Тагыраагы, Кумтөрдүн экологияга зыян келтиргени үчүн төлөй турчу акчасынан бир нече миллиард сом кыскартып салган. Жыйынтыгында мамлекетти болуп көрбөгөндөй ири суммадагы чыгымга учураткан", - деп айтылган маалыматта.

Ведомстволор аралык тергөө тобу Сариев боюнча тергөө иштерин уланта турганы айтылды. Андан соң жакынкы 48 сааттын ичинде Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы тандала турганы кошумчаланды.Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары үстүбүздөгү жылдын 27-майында да сурак берип чыккан. Темир Сариев «Кумтөр иши» боюнча кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирген.

Эске салсак, Темир Сариев 2011-2015-жылдары экономика министри болуп иштеген. 2012-жылы Кумтөр алтын кенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп аны учурдагы президент Садыр Жапаров жетектеген. Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын корутундусун кабыл албай, мамлекеттик комиссия түзгөн. Ал комиссияны ошол кездеги экономика министри Темир Сариев жетектеген. Темир Сариев 2015-2016-жылдары премьер-министр болгон. 2009-жылы жана 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан. Атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча кылмыш ишин козгоп, бир топ азыркы жана мурдагы чиновниктер камакка алынган. 2-августта сурак берүү үчүн Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости