www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кырсыгы Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун Ак-Сай айылынын тушунда болгон.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 18-февралда саат 21:40тар чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун Ак-Сай айылынын тушуна Toyota Ist менен Audi S4 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Анын кесепетинен бир адам каза болуп, жети киши ар кандай жаракаттарды алган.
ӨКМдин куткаруучулары жеринде жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон эркек кишинин сөөгү ИИМ кызматкерлерине тапшырылган.
Облустук милициянын маалыматы боюнча жабыркаган кишилердин бири ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөн - деп билдирди sputnik.kg маалымат агенттиги.
Булак: NazarNews.kg