www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоо балынын дарылык касиети

Кыргызда илгертен эле эл ичинен чыккан дарыгерлер  тоо балын колдонуп бейтаптарда кездешкен ар кандай оорунун шыпаасын табышкан. Эмесе төмөндөгүдөй дарылоо ыкмаларын сунуш кылмакчыбыз. 

Ашказаны ооругандар үчүн: 

Ашказанында жарасы барлар, гастриттен жабыркагандар, организминде кычкылдуулугу жогорулап кеткендер балды дарылык  максатта колдонсо абдан пайдалуу. Эгерде он эки эли ичегидеги же ашказандагы жарадан жабыркасаңыз тоо балын эртең мененки тамакка 1,5 саат убакыт калганда жана кечки тамактануудан кийин 3 саат өткөндө колдонуу абзел. Балды 1 стакан кайнак сууга эритип ичсеңиз зарнадан, көңүл айлануудан арылып, ашказан ооруларынан сакайып кетесиз. Балдын дарылык өлчөмү: ашказаныңызда жараңыз болсо эртең менен 30-60 грамм, күндүз 40-80 грамм, кечинде болсо 30-60 грамм колдонсоңуз жакшы таасирин тийгизет. 

Какырыкты айдап чыгаруу үчүн: 

300 грамм балга 20 грамм мурч аралаштырып 3-4 маал ичүү сунуш кылынат. 

Ангина кармаган учурда: 

1 тоголок  пиязды  майдалап туурап 1 чай кашык бал кошосуз. Анын маңызы көбүрөөк чыгышы үчүн шашпай чайнап жутуу керек. Муну бир жуманын аралыгында күнүгө 4-5 жолу кайталоо керек. Ошондо ангина менен кошо ириң жоголот. 

Эрин жарылган кезде: 

Түнкүсүн  уктаардын алдында бир аз таза балды эриниңизге сүйкөп жатсаңыз жарылбай калат. Бул процедураны бир нече жолу кайталаңыз. 

Нерв оорусуна чалдыккан учурда: 

Нерв оорусуна чалдыккандар күн сайын 100-120 гр. бал жесе жакшы натыйжа берет. Балды күнүгө эртең менен 30 гр. , түштө 40 грамм, кечки тамакка чейин 30 гр. жеп артынан ысык сүт же чай ичип туруу керек. 

Беттеги такты кетирүү үчүн: 

Эки чай кашык күрүч унун алып ага 1 аш кашык уксус жана 2 аш кашык бал кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон масканы колдонуудан мурун “перекись водородун” кебезге сиўдирип бетиўизге сїртїп, масканы 20 мүнөт коёсуз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Бул ыкманы эки жума кайталаңыз. 

Кан тамырларды тазалоо  үчүн: 

1.Сарымсактын ширесин сыгылып алынгандан кийин ага тең өлчөмдө бал аралаштырылат. Бул аралашманы тамакка чейин 3-4 маал 4-6 жума ичүү керек. 
2.Алоэнин жалбырагын эки жума муздаткычта сактап, кийин ага 0,5 стакан вино жана 0,5 стакан балды аралаштырып караңгы жайга беш күн коёсуз. Бул кошулманы 3 маал 1 аш кашын менен ичүү натыйжалуу болот. 
3.Бышырылган кызыл сабиз менен бал тең өлчөмдө аябай аралаштырлат. Бул аралашманы 10 күн 2 аш кашыктан күнүгө 3 маал ичүү керек. 

Жаш балдар жөтөлгөн учурда: 

Бал менен зайтун майы бирдей өлчөмдө аралаштырылат. Жаш балдарга күнүгө 1 чай кашыктан 3-4 маал ичирүү керек. Бул аралашманы көк жөтөлгө да ичүү сунуш кылынат. 

Жүрөк ооруларына кабылгандар үчүн: 

1.Бал өзүндөгү витаминдер аркылуу кан тамырлар системасынын иштөөсүн жакшыртып, ткандарды керектүү заттар менен камсыз кылат. Ошондуктан балды күн сайын 3-4 маал тамакка чейин жылуу сүткө, жер-жемиш ширесине, чайга кошуп ичсе натыйжалуу болот. 
2.Бир аш кашык бал менен 1 стакан сабиз ширеси аябай аралаштырылат. Бул аралашма инфаркт оорусу үчүн абдан пайдалуу. Аралашманы болсо жогорудагыдай өлчөмдө ичүү сунуш кылынат. 

Уйкусуздук кыйнаган кезде: 

Чарчаган адамдын нерв системасын тынчтандыруучу жана уйкуну келтирүүчү  каражат катары 1 стакан кайнатылган жылуу сууга 2 аш кашык балды салып ичүү абдан пайдалуу. 

Көздүн катаракта оорусуна кабылган учурда: 

Катарактанын башталышында 20-30 пайыз бал эритмеси менен чүпүрөктү нымдап көзгө басуу жакшы натыйжаны берет. 

Эс тутумду жакшыртуу үчүн: 

1 стакан  пияз маңызына 1 стакан балды аралаштырып, күнүгө 3 маал тамакка чейин же тамактануудан 2-3 саат өткөндө колдонуунун мааниси абдан зор. 

Депрессияга кабылсаңыз: 

100 гр. мейиз, 100 гр. кургатылган өрүк, 100 гр. жаңгакты жана 1 даана лимонду данектери менен кошо эт туурагычтан өткөрүп балга аралаштырууңуз керек. Бул аралашманы муздаткычка сактап, эртең мененки тамактын алдында бир чоң кашыктан колдонуп турсаңыз депрессиядан арылууга жакшы жардам берет. 

Бетке безетки чыккан учурда: 

Башы тоголок пиязды кыргычтан өткөрүп аласыз да ага бирдей өлчөмдөгү бал кошосуз. Андан соң аралашманы бетке сүйкөп, жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууйсуз. Бул дарылоо ыкмасы беттеги безеткиге абдан пайдалуу болуп эсептелинет. 

Семирип кеткендер үчүн: 

Эртең менен 1 чай кашык бал жешиўиз керек. Арадан эки саат өткөндөн кийин 50 гр. жүзүм жеп, дагы эки саат өткөн соң алманын, жүзүмдүн ширесин ичиңиз. Мына ушундан кийин каалагандай тамактана бериңиз. Кечкисин болсо 1 стакан ширеден башка эч нерсе ичпеңиз. 

Мастопатия дартына кабылганда:

Бал менен күн караманын майын бирдей өлчөмдө аралаштырып, анан бир аз убакыт кайнатып аласыз. Андан соң ооруп жаткан көкүрөккө компресс жасап, акырында жылуу жоолук менен ороп коёсуз. Бул дарылоо процесси жакшы натыйжа берет. 

Унутчаактык оорусуна чалдыккан кезде: 

Кадимки эле пияздын маңызына бирдей өлчөмдөгү бал аралаштырылгандан кийин унутчаактыкка каршы жана кандагы холестринди азайтуу максатында колдонуу абдан пайдалуу. Ал үчүн узак убакытка чейин күнүгө 3 маал тамактан мурун 1 чай кашык менен ичүү керек. 

Бөйрөктөгү таштан арылуу үчүн: 

Бадыраңдын  уругун таза жууп, андан кийин кууруп эмаль идишке салып, үстүнө кайнак суу коюп  сүлгү менен жаап 3 саатка жакын муздатасыз. Анан ширелүү кылып алган соң кайра 1 литр өлчөмүндөгү идишке куясыз. Бул тундурмага 3 аш кашык балдан аралаштырып бир күн бою ичүү пайдалуу экендигин биле жүрүңүз. 

Жаш балдардын заарасы токтобогон учурда: 

Жаш балдар түнкүсүн жаткан жайына сийип койсо, анда аларга жата турган маалдын алдында кайнатылган жылуу сууга бал кошуп ичирүү керек. Бал тынчтандырып иммунитетин көтөрөт. Мындан тышкары денедеги суюктукту 
сактайт. 

Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg                

Последние новости