www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өз ата-эне менен чоң ата-эненин тарбиясы эки башка болот» - Мен туулуп өскөн, балалыгым өткөн жер Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылы, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Кара-Таш айылы тоо боорунда жайгашкан, тоо тарабынан Кыргыз -Ата суусу Найман каналы аркылуу өткөн өтө кооз айыл.

Ата-энебиздин 5 уул 3 кызы болгон. Биз сегиз бир тууганбыз. Мен үйдүн ортончусумун. Эки агам жана бир эжем, эки иним, эки карындашым бар. Атам 30 жылдан ашуун милиция кызматкери болуп иштеген. Апам айылда библиотекада андан соң, колхоздо иштеген. Атам жумушу көп болгондуктан эрте кетип кеч келчү. Биз менен көп учурда апам калчу. Бизге чоң энебиздин тарбия таалими да өтө чоң таасир берген. Өз ата эне менен чоң ата эненин тарбиясы эки башка болот.

Чоң энем биздин адам болуп калыптанышыбызга көп салым кошкон. Мен өзүм деле шок бала болгон экенмин. Эсимде, ата-энебизден качып, түн бир оокумга чейин ойноп, түндө келип үйгө кире албай үйдү айланып жүрчү элек. Эртеси апабыздын чыбыгын жеген күндөр көп эле болду. Мен Бишкекте Улуттук Гвардияда кызмат өтөп, кызматым бүткөн соң Бишкекте окуп, иштеп калдым. Ошондуктан студенттик күндөрүм, жаштыгым дээрлик шаарда өттү десем жаңылышпайм.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости