www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп кечээ, 15-январда түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу “Азаттык”  жазып чыкты.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн лидерлери Ирандагы, Сириядагы жана Ливиядагы соңку кырдаалды талкуулаган. Бирок анын чоо-жайы, кандай чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Белгилей кетсек, Жакынкы Чыгыштагы абал өткөн апталарда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани Багдадда өлтүрүлгөндөн бери курчуп жатат. Буга Тегерандын украиналык жүргүнчү ташыган учакты кокусунан атып алганы да кошулган.

Москвада 14-январда Орусия менен Түркиянын ортомчулугу астында өткөн, Ливиядагы жаатташкан тараптарды жараштыруу жараяны үзгүлтүккө учураган. Анда Эрдоган Ливияда генерал Халифа Хафтардын армиясы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнө чабуулун уланта турган болсо, Түркия анын «сазайын берерин» эскерткен.

Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келет. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.

Анын ортосунда  Германиянын канцлери Ангела Меркел 19-январда Берлинде Түркиянын, АКШнын, Орусиянын, Британиянын, Франциянын, Италиянын жана Кытайдын лидерлери менен жолугуп, Ливия маселесин талкуулаганы жатат. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш да катыша турганын ырастаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости