www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн 2019-жылдын декабрында, Нарында атайын рейд болуп, анда Эки-Нарын айылындагы кашарлардын биринен жаңы союулган эликтин туяктары табылган. Бул туурасында Турмуш порталы жазып чыкты.

Маалыматта, кашар Нарын райондук акимдин биринчи орун басары Жанышбек Ибраимакун уулуна таандык экени айтылат. Бирок, бул боюнча анын малчысына, бузуулар кодексинин 192-беренесинин негизинде 12 500 сом айып салынган. Ал айып төлөгөндөн кийин жаратылышка зыян келтиргени үчүн дагы 50 миң сом айып пул салынары белгилүү болду. Анткен менен жергиликтүү адистер ал чабан менен байланыша албай жатышыптыр.

Ал эми кашар өзүнө таандык экенин мойнуна алган акимдин орун басары, малчысы эликтин туяктарын тоодо мал кайтарып жүрүп таап алганын айтып, “Анын ата турган мылтыгы жок. Жанагы сарайда жашап, 8 баласын багып жүрөт. Жайкысын элдин малын багат”, - деп жооп берген Ибраимакун уулу.

Мындан улам эликтин туяктары табылганы менен анын этин жегендер белгисиз. Ошентсе дагы энчисине шыйрак буйурган чабан, "Жебеген мантыга" акча төлөмөй болуптур. Бул, “Кожоюну кутурса, кулу тутулат” дегендей эле эмеспи?...

Последние новости