www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Вашингтон менен Киевдин ортосунда 400-500 миллиард доллар компенсация төлөө боюнча келишим макулдашыларын билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттерге айтты.
«Ойлойм, биз макулдашууга абдан жакындап калдык. Алар да муну каалайт деп ойлойм. Бул чоң келишим. Биз келишимге кол коёбуз деп үмүттөнөм, анын негизинде бизге 400–500 миллиард доллар кайтарылып берилет», – деди Трамп.
Анын айтымында, АКШ өз бюджетинен акча бөлүп, "абдан алыс жайгашкан жана кан төгүлүп жаткан өлкөгө (Украина) жардам берип жатат".
«Биз акчабызды кайтара албай жатабыз, биз муну каалабайбыз. Мен Россиянын да бул келишимди каалаганын текшеришим керек болчу. Менин оюм боюнча биз муну ишке ашыра алабыз», – деп кошумчалады АКШ президенти.
Буга чейин Трамп Украина АКШга сейрек кездешүүчү металлдарды жана башка минералдарды берүү аркылуу каржылык колдоого ээ болушу мүмкүн экенин айткан.
«Эгер биз келишим тууралуу сүйлөшүп жатсак, анда келишим түзөлү, биз макулбуз», – деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Ошентсе да, Зеленский Киев өз ресурстарын жөн гана "тегин таратып" жибербей турганын, тескерисинче, пайдалуу өнөктөштүктү сунуштап жатканын белгиледи.
«Америкалыктар эң көп жардам беришти, демек, эң көп пайда да аларга тийиши керек. Алардын артыкчылыгы болушу шарт, жана ал болот. Мен бул тууралуу президент Трамп менен дагы сүйлөшкүм келет», – деп жыйынтыктады украин лидери.