www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Барскоон айылындагы мектептин спорт залында окуучу кыздын өз жанын кыйганы боюнча 27 жаштагы дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук соттун чечимине ылайык 15-февралда дене тарбия мугалими эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бул окуядан кийин мектеп директору, соцпедагог жана каза болгон кыздын класс жетекчиси иштен бошотулган.
Ал эми, кармалган мугалим менен маркум кыз мурда сүйлөшүп жүрүшкөнүн жана бул баарына белгилүү болгонун 24.KG агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды. Каргашалуу окуянын алдында экөө уруша кетишкен.
Эскерте кетсек, Ысык-Көлдө мектептин спорт залында өзүнө кол салган 11-класстын окуучусу ооруканада каза болгон.
Окуя 5-февраль күнү саат 11:25 чамасында Барскоон айылындагы орто мектептин күрөш залында болгон. Кыз спорт залдагы темир турникке асынып турган жеринен дене тарбия мугалими тапкан. Мугалим тез арада жипти чечип, кызга жардам көрсөтүүгө аракет кылган. Окуя болгон жерге мугалимдер жана тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу Жети-Өгүз райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк кызды Бишкектеги ооруканага которушкан. Бирок, 14-февралда 2007-жылы туулган жашы жете элек кыз каза болгон.
Аталган факт Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.