www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп кызматына киришкенден бери шайлоочулар арасында анын рейтинги түшүп кетти. Бул тууралуу Гэллап институтунун соңку иликтөөсүндө айтылат.

19-мартта Трампты колдогондор саны 37 пайызга чейин төмөндөгөн, анын ишмердүүлүгүнө ичи чыкпагандар 58 пайызды түзгөн. Бир апта мурун америкалык президенттин рейтинги 45 пайыз болгон.

Гэллап институтунун сурамжылоосуна добуш берүүгө жашы жеткен 1500 америкалык жаран катышкан. Дональд Трамптын инаугурацисынан кийин дароо өткөрүлгөн сурамжылоодо анын ишин баалагандар 45 пайыз эле. 25-26-январда бул көрсөткүч 46 пайыз болгон.

Гэллап институтунун эксперттери АКШ лидеринин рейтинги төмөндөп кеткенин, анын глобалдык жылуулук боюнча айткандары, Путинди мактаганы жана Бaрак Обама анын тыңшоого санкция бергени тууралуу пикирлери себеп болду окшойт дейт.

Жекшембиде АКШ Конгрессинин чалгындоо иши боюнча комитетинин жетекчиси республикачыл Девин Нуньес Дональд Трамптын шайлоо штабы менен орус бийлиги сүйлөшүүгө барды дегенге эч кандай далил жок деди. Бирок анын пикиринде, кантсе да Москва шайлоого таасир этүүгө аракет кылган.

Дүйшөмбүдө ФБР жетекчиси Жеймс Коми АКШ Конгрессинин чалгындоо иши боюнча комитетинин алдында Трамп менен Орусиянын болжолдуу байланыштары боюнча, аны тыңшоого алды деген жоромолдор боюнча суроолорго жооп берет.

Булак: "bbc.com"

Последние новости