www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик ишкерлери өлкө банктарында америкалык валютаны сатып алууга дээрлик мүмкүн болбой калганын билдиришүүдө. Акча алмаштыруу жайларынан доллар жок экенин айтышууда.

Маалыматтарга караганда, өлкөдө өткөн айдан тарта доллардын баасы кескин жогорулай баштаган. Учурда америкалык валютанын көмүскө базардагы баасы расмий курстан кыйла жогору болуп, бир доллар 8,5-8,6 сомониге бааланууда.

Жергиликтүү ишкерлердин айтымдарында, алар товарлардын көбүн чет өлкөлөрдөн долларга сатып алышат жана америкалык валютанын тартыштыгы бизнеске чоң зыян келтирүүдө.

Буга чейин өлкөнүн Улуттук банкынын өкүлү Тажикстандын валюта базарында доллардын баасы кескин жогорулаганын ырастаган. Айтымында, доллардын курсунун көтөрүлүшү «белгилүү бир топтордун көмүскө базардагы чайкоочулугуна» байланыштуу.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости