www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дипломатиялык мамилелерде 25 жыл: Казакстан-Түркия

2017-жылдын 2-марты Казакстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгы эле. Биз да бул жумадагы программабызда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын кечээкисин, бүгүнкүсүн жана келечегин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

2-март күнү Казакстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы эле. 1992-жылдын 2-мартында Казакстан Республикасы көз карандысыздыгын жарыялады. Бир канча мүнөттөн кийин Түркия Республикасы Казакстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө болду. Көз карандысыздыгына ээ болгондон кийин Казакстан менен Түркиянын ортосунда кол коюлган көп сандаган меморандум жана протоколдор аркылуу ар кайсы тармактардагы байланыштар жана кызматташтыктын негиздери түзүлдү.

Түркия менен Казакстандын ортосундагы саясий алакалардын деңгээлине параллель түрдө Казакстан Түркиянын Евразиядагы эң маанилүү саясий жана экономикалык өнөктөштүрүнүн бирине айланды. Казакстан-Түркия карым-катнаштарында өзгөчө акыркы мезгилдерде кыймылдуулук байкалууда. Бул абалда Казакстандын тышкы саясатында дагы да активдүү болушу жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөлүгү сыяктуу негизги кызматтары да чоң роль ойнойт.

Башкы борбору Стамбулда орун алган Түрк кеңеши, башкы борбору Азербайжанда жайгашкан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы, башкы борбору Казакстанда орун алган Эл аралык Түрк академиясы жана башкы борбору Түркияда жайгашкан ТҮРКСОЙ сыяктуу эл аралык уюмдар маданий жана саясий тармакта мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнаштарды бекемдөөдө. Казакстан -Түркия мамилелери экономикалык жактары менен катар бул уюмдардын иш-чараларын да камтууда.

Эки өлкөнүн ортосундагы алакалардын келээрки мезгилдерде билим берүү тармагында да өнүгүүсү күтүлүп жатат. Өзгөчө Түрк-казак Ахмет Йесеви университетинин Алматы жана Астана шаарларында да кампус ачуусу жана бул жердеги билимдүү студенттерди карамагына кошуусу пайдалуу болот.

Түркия Республикасынын көз алдында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чоң мааниси бар. Анын Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуусун камсыздоого карата аракеттерин баалап, Нурсултан Назарбаевди ар дайым «Түрк дүйнөсүнүн аксакалы», «Түрк дүйнөсүнүн акылман лидери» сыяктуу сыпаттар менен атап келет. Анкарада Назарбаевдин айкели да тургузулган. Бул «Түрк дүйнөсүнүн аксакалына» түрк элинин көрсөткөн урмат-сыйынын так көрсөткүчү болуп саналат.

Түркия менен Казакстандын дүйнөлүк жана аймактык маселелерге чечүүчү жол табууга карата максаттары бирдей. Эки өлкөнүн ортосундагы статус, Назарбаевдин 2009-жылы Түркияга сапары убагында кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк келишими менен белгиленген. Ушундайча эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мимилелер туугандык менен бирге «Стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине жетти.

Евразия аймагындагы бул абал Казакстанды чыгыш менен батыштын ортосунда табигый көпүрөгө айландырууда. 25 жылдын ичинде Казакстанда ар бир кишиге түшкөн улуттук киреше 700дөн 13.600 долларга жетти. Ал эми жерлеринде минералдардын 1225 түрү жана 493 кен байлык аянты бар. Казакстан газ резервдери менен алгачкы 12 өлкөнүн арасында, мунай зат резервдери менен болсо алгачкы 13 өлкөнүн арасында турат.

Казакстан менен Түркиянын ортосунда күчтүү аскердик байланыш жана коргонуу технологиялары тармагында кызматташуу бар. Түркия Казакстандын куралдуу күчтөрүнө офицер кызматкерлерин даярдоо багытында чоң жардам көрсөтүүдө.

Түркиянын коргоо өнөр жайы тармагындагы алдыңкы фирмалар Казакстандын коргоо өнөр жайын өнүктүрүү үчүн аракет кылып жатышат. Бир канча жыл мурда Казакстан-Аселсан заводунун ачылуусу да аскердик тармактагы негизги кадам болуп эсептелет.

Түркия менен Казакстандын ортосунда бир канча миллион доллар менен башталган соода байланыштары учурда 4 миллиард долларга жетти. Албетте бул жетиштүү эмес. Соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү эки өлкөнүн тең максаты. Бул максаттын алдындагы эң чоң тоскоолдуктардын бири Казакстан менен Түркиянын ортосунда тылдык жактан түз байланыш жолунун жоктугу. Бул маселени чечүү үчүн пландалган альтернативдүү жол жана пикирлер ишке ашырылганда соода байланыштары дагы да өнүкмөкчү.

Жыйынтыктай турган болсок Казакстан менен Түркия эки башка мамлекет бирок бир улут. Ушул багытта Режеп Тайип Эрдоган менен Нурсултан Назарбаевдин тарыхый байланыштарды коргоолору эки өлкө жана Түрк дүйнөсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Эрдоган менен Назарбаевдин карапайым элден болушу жана элдин кыйынчылыктарын түшүнүүлөрү, Түрк дүйнөсүнүн муктаждыктары менен күтүүлөрүн туура кабыл алууларында жана натыйжалуу чечүүчү жолдорду табууда таасирдүү болот.

Түркия менен Казакстандын ортосундагы достук, орток тарых жана маданий байланыштарга негизделген. Миңдеген жылдык түрк тарыхына көз чаптырганыбызда 25 жыл көз ачып-жумганча өтүп кеткен жыл. Бирок ар бир эки өлкө тең бул 25 жылды чоң ийгиликтер менен өткөрдү. Эки тараптуу кызыкчылыктар жана урмат-сыйдын негизинде өз ара мамилелер алдыбыздагы мезгилде да күчтөнмөкчү.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости