www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аппараттык жыйын өтүп, анда тармактын учурдагы абалы, күз-кыш мезгилине даярдык жана алдыда өтө турган маанилүү иш-чараларга көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Жыйында өлкө аймагындагы автомобиль жолдорунун абалы, жолдорду күтүү жана тейлөө, оңдоо жана асфальт төшөө иштеринин жүрүшү, ошондой эле министрликке жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышы каралды.
Министр Талантбек Солтобаев кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун жана транспорттук байланыштын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн даярдыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Жооптуу жетекчилерге жолдордо колдонулуучу туз жана башка тайгакка каршы материалдарды жетиштүү көлөмдө алдын ала камдоо, атайын техникаларды техникалык жактан даярдоо жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу тапшырылды.
Ошондой эле битум сактоочу жайларды жана тиешелүү инфраструктуралык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, кышка даярдык боюнча бардык уюштуруу-техникалык иштерди өз убагында аяктоо милдети коюлду.
Жол оңдоо жана асфальт төшөө иштеринин жүрүшүнө да өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, «Нарын–Баетов» жана «Ала-Тоо Резорт» багыттарындагы, ошондой эле Гүлчө жана Нарын шаарларындагы автомобиль жолдорундагы иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына байланыштуу жолдордун абалын, транспорттук каттамдардын үзгүлтүксүз иштешин жана тиешелүү инфраструктуранын даярдыгын камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.
Жол тармагында эмгектенген кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу жана аларды бирдиктүү форма менен камсыз кылуу маселеси да көтөрүлдү.
Жыйын соңунда министр Талантбек Солтобаев алдыга коюлган милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүп, жетекчилерди өздөрүнө жүктөлгөн багыттар боюнча жоопкерчиликтүү, ыкчам жана натыйжалуу иш алып барууга чакырды.