www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында курулуш коопсуздугунун талаптарын сактабаган компанияга чара көрүлдү.
Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамыров көчөсү, 54 дарегинде салынып жаткан 12 кабаттуу турак жайдын курулушу текшерилген.
Текшерүү учурунда турак жай үчүн казылган котлован объекттин тосмосунан чыгып, үчүнчү жактар үчүн кооптуу абал жаратканы аныкталган.
Анын негизинде «Найман Ийгилик» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш талаптарын так сактоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча талап коюлган.
Учурда курулуш объектисиндеги кемчиликтер толугу менен жоюлуп, аймактагы тосмо коопсуздук талаптарына ылайык бекемделгени маалымдалды.