www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп ЦРУнун директору Жон Рэтклиффтин Москвага сапарын «кадимки эле иш» деп атады. АКШ президенти Вашингтон согуш аракеттеринин токтотулушун каалап жатканын белгилеп, чалгын кызматынын жетекчисинин сапарынан «бир нерсе чыгышы мүмкүн» экенин айтты.

Трамп бул тууралуу радио алып баруучу Гленн Бекке берген маегинде билдирди.

«Бул, билесиздерби, кыйла кадимки, дээрлик күнүмдүк жолугушуу. Элдин көңүлүн калтыргым келбейт», — деди Трамп. Ал Рэтклиффтин сапары Орусия тарабынан жаралышы мүмкүн болгон коркунучтарга байланыштуу деген маалыматтарды четке какты.

Эскерте кетсек, 25-августта АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн Boeing C-17 Globemaster III аскердик-транспорттук учагы эртең менен Москванын Внуково аэропортуна конуп, ошол эле күнү шаардан учуп кеткен. Учактын бортунда Жон Рэтклифф болгон.

Песков ЦРУ жетекчисинин Москвага сапары атайын кызматтардын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу болгонун айтып, алардын мазмунун ачыктаган эмес.

Песковдун айтымында, Орусия президенти Владимир Путин Рэтклифф менен жолуккан эмес жана мындай жолугушуу пландалган да эмес. Ошол эле учурда Путинге ЦРУ жетекчисинин орусиялык атайын кызматтар менен болгон байланыштарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилген.

Последние новости