www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Жон Рэтклиффтин Москвага сапары атайын кызматтардын ортосундагы байланыштарга байланыштуу. Бул тууралуу 26-августта Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков The Washington Post гезитине берген комментарийинде билдирди.

«Рэтклиффтин сапарынын максаты тууралуу суроого жооп берип жатып, басма сөз катчы Дмитрий Песков сөз атайын кызматтардын ортосундагы байланыштар жөнүндө болгонун билдирди», — деп айтылат басылмада.

25-августта Москванын Внуково аэропортуна АКШнын Аскер-аба күчтөрүнө таандык аскердик-транспорттук учагы конгон. Учак Москва убактысы боюнча болжол менен саат 08:50дө Ригадан учуп чыгып, 10:04 чамасында Внуково аэропортуна жеткен.

Песков 25-августтагы брифингде АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн учагынын Москвага келгени тууралуу маалыматы жок экенин билдирген. Ошондой эле ал бул аптада Москвада Орусия өкүлдөрүнүн АКШ администрациясынын өкүлү менен жолугушуусу пландалбаганын айткан.

Последние новости