www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай өткөн айда өлкөнүн түштүгүндө болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 49 миң 589га жеткенин билдирди. Каза болгондордун арасында 6 миң 807 чет элдик жарандар бар. Бул тууралуу Anadolu жазып чыкты.

Фуат Октайдын айтымында, апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы (AFAD) тарабынан жер титирөөдөн жабыркаган облустарга 31 миллиард лира (1,6 миллиард доллар), мамлекеттик мекеме жана уюмдарга 22,3 миллиард лира (1,1 миллиард доллар) жөнөтүлдү.

Эске салсак, 6-февралда 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөө 11 провинцияда – Адана, Адыяман, Диярбакыр, Элазыг, Хатай, Газиантеп, Кахраманмараш, Килис, Малатия, Османия жана Шанлыурфада болгон.

Түркияда 13,5 миллиондон ашык адам Сириянын түндүгүндөгүлөр сыяктуу эле катуу жер титирөөлөрдөн жапа чеккен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости