www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Нооруз майрамына карата “Ак Кула” ипподромунда Көк бөрү улуттук оюну бешинчи күн ойнотулуп жатат.

Анда Кыргызстандын жети дубанынан келген командалар, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана башка командалар оюн көрсөтүштү.   

Бүгүн оюнду көрүү үчүн президент Садыр Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы келди.  

Маалым болгондой, баш байгеге президент Садыр Жапаров берген 3 миллион сомдон ашык акча каражаты коюлган.  

Иш чаранын алып баруучусу Асылбек Өзүбековдун айтымында, быйыл байгеге жалпы 7 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Көк бөрү оюнуна мындай акча каражаты коюлуп жатат.

Белгилей кетсек, 13-мартта старт алган Көк бөрү оюнунун финалы 21-март Нооруз күнүндө болот. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости