www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТүркПАнын кийинки пленардык жыйыны 2023-жылы Стамбулда өтөт

ТүркПАнын кийинки пленардык жыйыны 2023-жылы Стамбулда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын жыйынында билдирди.

Жыйындын алкагында Кыргызстан 2022-жылы ТүркПАга төрагалык кылууну Казакстандан өткөрүп алды.

2008-жылдын 21-ноябрында Стамбул шаарында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстандын парламенттеринин төрагаларынын конференциясында түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Биринчи пленардык жыйын 2009-жылдын 29-сентябрында Баку шаарында өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости