www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бузукулукка жол берген казино мыйзамын өткөрткөнү үчүн Акылбек Жапаровго ишеним артпаш керек», - деди бүгүн, 24-июнда NazarNews маалымат агенттигине «Мээр жазы» уюмунун башчысы Ыргалай Бекмуратова.

- Саламатсызбы,Ыргалай эже! Өкмөт депутаттарды күчкө салып, кумаркана ачуу мыйзамын колдотуп алды деген сөз коомчулукта арбын айтылууда. Негизи казинону ачуу, ачпоо маселеси элдик талкууга коюлушу керек беле?

 - Кумаркана ачабыз деп демилге көтөрүп, депутаттарга колдотуп алган Акылбек Жапаровдун өзүн өлкөдөн кууп жибериш керек.

- Эмнеге кууп жибериш керек?

- Акылбек Жапаров Кыргызстан үчүн кыргыз эли үчүн пайдалуу иш кылган жок. Курманбек Бакиевдин учурунда биринчи Вице-премьер болуп Камбар Атанын кнопкасын басып, авторитет болду. Раматылык Конгантиевди таластык туугандарына салып берип, аялдардын көйнөгүн кийип качып келди. Бүгүн министрлер кабинетин башкарып, бузукулукка жол берген казино мыйзамын өткөрдү. Ошон үчүн буга ишеним артпаш керек. Мунун азабын карапайым эл тартып жатат.

Бузуку мыйзамды элдин талкуусуна койбой депутаттар аркылуу колдоо таптырганы Акылбек Жапаровдун элдин укугун тебелеп, өзүм билемдик кылганы.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости