www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын президенти менен Борбор Азиядагы беш мамлекеттин лидерлеринин биринчи саммити 16-сентябрда Сеул шаарында өтөт.
Бул тууралуу Корея Республикасынын президентинин администрациясы билдирди.
Маалыматка караганда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Түштүк Кореяга расмий сапар менен барат. 16-сентябрда эртең менен анын Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен эки тараптуу жолугушуусу пландалууда.
Саммитте маанилүү пайдалуу кендер жана энергетика, инфраструктура, жасалма интеллект, санариптик технологиялар, илим, суу ресурстары жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланат.
Саммиттен кийин Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери Түштүк Кореянын президенти менен биргеликте бизнес-саммитке катышат. Ага мамлекеттик органдардан жана компаниялардан 500гө жакын өкүлдүн катышуусу күтүлүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгында Түштүк Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн узак мөөнөттүү кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алуу пландалууда.
«Түштүк Корея — Борбор Азия» кызматташтык форматы 2007-жылдан бери иштеп келет.
Алдыдагы жолугушуу мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтө турган биринчи саммит болот.