www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышына карата эл үчүн акысыз концерт уюштурулат.
Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, иш-чараны кайрадан өткөрүү тапшырмасын президент Садыр Жапаров берген. Буга стадиондо өткөн буга чейинки иш-чарага келе албай калган жарандар үчүн дагы бир концерт уюштуруу максаты себеп болгон.
«Бишкек Аренада» өткөн иш-чарадан кийин элдин маанайы көтөрүлүп, улуттук духубуз ойгонду. Коңшу, боордош элдер да кыргызга оомат келгенине кубанычта», — деп белгиледи Туманбаев.
Анын маалыматына караганда, 5-октябрда Бишкек Аренанын расмий ачылышы өтөт. Кирүү акысыз болот. Тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында чакырууларды tiket.gov.kg аркылуу алдын ала алуу пландалууда.
Туманбаев аренанын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгын белгилеп, дүйнөлүк жылдыздарды чакыруу жана Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатуу маанилүү экенин айтты.
Ошондой эле ал чет элдик артисттердин, анын ичинде Шакиранын гонорары мамлекеттик бюджеттен төлөнбөй турганын билдирди.
Анын айтымында, мындай концерттерди атайын компаниялар уюштуруп, арена үчүн ижара акысын төлөшөт. Мындан тышкары, билет сатуудан түшкөн кирешеден да үлүш алынат.
«Жакшы ниеттерге тилектеш бололу. Кыргызга келген оомат кут болсун!» — деп жазды Каныбек Туманбаев.