www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык тармагы Россия, АКШ жана Австралиядагы жаңы өкүлдөр менен кеңейтилди.
Бул чечим 14-сентябрда өткөн Соода-өнөр жай палатасынын президиумунун жыйынында кабыл алынды.
Палатанын чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр дайындалды:
Улукбек Асанов — Россия, Түштүк Федералдык округу;
Канай Аманбаев — АКШ, Сиэтл шаары, Вашингтон штаты;
Алтынай Каратаева — Австралия;
Марат Билимбеков — АКШ, Иллинойс штаты.
Өкүлдөр кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, бизнес-өнөктөштөрдү жана инвесторлорду табууга, ата мекендик продукцияны чет өлкөлөрдө жайылтууга жана кыргыз компанияларынын жаңы рынокторго чыгышына көмөктөшөт.
Палатанын маалыматына караганда, өкүлчүлүктөрдүн географиясын кеңейтүү кыргызстандык бизнес үчүн натыйжалуу эл аралык колдоо тармагын түзүү боюнча системалуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат.