www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген кооперативдердин жана ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө «Ак-Суу Органик», «Ак-Суу Агроплюс» кооперативдерине, «Ак-Жалга» ЖАКына жана «Кредо Бак» кооперативине барды.
«Ак-Суу Органик» кооперативи органикалык продукциялардан кыям, табигый чөптөрдөн чай, жүндөн кийиз жана башка буюмдарды өндүрөт. Ал эми «Ак-Суу Агроплюс» кооперативи органикалык сүт азыктарын жана картошка өндүрөт. Кооперативде 10 мүчө бар.
«Ак-Суу Агроплюс» кооперативинин өкүлдөрү ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн кошумча айдоо жерлерин ижарага алуу маселесинде көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Рысгүл Акимжанова бул маселе мыйзам талаптарына ылайык караларын билдирди.
Ошондой эле министрдин орун басары «Ак-Жалга» ЖАКынын өндүрүшү менен таанышты.
Ишкана учурда суткасына 40 тонна сүттү кайра иштетип, сыр, быштак, каймак жана башка сүт азыктарын чыгарат.
«Кредо Бак» кооперативи өрүктөн шербет өндүрүү менен бирге мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткыч жайды иштетет.
Иш сапардын алкагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.