www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кош бойлуу кезде дарыгердин көзөмөлүндө болуу көп илдеттерди учурунда билүүгө жардам берет.

Кыргызстанда тубаса кемтик менен төрөлгөн балдардын саны жыл сайын өсүүдө. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун маалыматында, беш жыл мурун тубаса кемтик ымыркайлардын өлүмүнүн төртүнчү себеби болсо, азыр экинчи болуп калды. Бирок мунун алдын алууга болот.

Кош бойлуу кезде пайда болгон ооруулар ымыркайлар өлүмүнүн биринчи себеби болсо, экинчиси – баланын тубаса кемтиги көп өлүмгө алып келүүдө.

Тубаса кемтик менен төрөлүү Кыргызстанда жыл сайын өсүп жатат дейт Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев.

Ал оорулардын башкы сабында келгендерин тизмектеди:

“Эң коркунучтуусу – аэнцафалия, баш мээнин жок болушу. Гидроцефалиялык абал да көп, ага азыр кош бойлуулуктун 10-12 аптасында эле диагноз койсо болот. Анан жүлүн каналындагы кемтик -“Бифида бели” илдети бар. Нерв системасы оорусунун, энцефалопатиянын ар кандай түрлөрү кооптуу. Экинчи орунда жүрөктүн кемтиктери турат. Үчүнчү бет, жаак, сөөк кемтиктери бар”.

Кыргызстанда тубаса кемтиктин алдын алуу аракеттери жүрүүдө

Кыргызстанда тубаса кемтиктин алдын алуу аракеттери жүрүүдө

Өлкөдө жылына 158 минден ашык бала жарык дүйнөгө келсе, анын үч миңден ашыгы тубаса кемтик менен төрөлүүдө.

Баланын тубаса кемтигинин кесепетинин эң коркунучтуусу өлүм болсо, экинчиси майып балдардын көбөйүшү, анан албетте ата-энеге түшкөн түйшүк, мамлекетке келген экономикалык чыгым өңдүү жыйынтыктары турат дейт Узакбаев.

“Себептери абдан көп кырлуу. Биздин Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 40-50 пайызы аз кандуулук менен ооруйт. Экологиянын бузулганы да таасир этүүдө. Социалдык-экономикалык факторлору бар. Элдин түшүнүгү да маанилүү. Кош бойлуу энелердин учурунда фолий кислотасын алуу боюнча өзүнө туура мамиле кылса, баланын нерв ооруларынын алдын алат”, - деди Узакбаев.

Тубаса кемтиктин алдын алууга болот дешет дарыгерлер. Эң эле жөнөкөйү – байытылган унду колдонуу. Байытылган ун айтылган илдеттерди 50 пайызга азайта алат. Андан сырткары кош бойлуу аялдын организминде витамин B9 бар фолий кислотасын, витамин А, темирди колдонуу өтө маанилүү.

Эң эле жөнөкөй байытылган унду колдонуу менен коркунучтуу илдеттердин алдын алса болот

Эң эле жөнөкөй байытылган унду колдонуу менен коркунучтуу илдеттердин алдын алса болот

Кыргызстанда төрөт үйүнө келген кош бойлуу аялдарды сурамжылаганда алты гана пайызы фолий кислотасын ичкен болуп чыккан. Фолий кислотасы баш мээге байланыштуу коркунучтуу ооруларды 34 пайызга азайта алат.

Байытылган унду колдонуунун пайызы өлкөдө 18 гана пайызды түзөт экен. Бирок Кыргызстанда ундун баары байытылган болсун деген мыйзам бар. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев көтөрүүдө.

“Биздин ун чыгаруучулар бейөкмөт уюмдары менен тыгыз иштегенине байланыштуу унду байытып, зарыл витаминдерди кошуп жатышат. Эл аралык уюмдардын жардамы менен ал бекер берилген үчүн баасына таасир этпейт. Ал эми Казакстандан кирген ундун 90 пайызы байытылган эмес. Орусиядан келген ундар да толук байытылган эмес. Андыктан Евразия экономикалык биримдиктин алкагында бул маселени жөнгө салууну өкмөткө айтып жатам”, - деди Артыкбаев.

Байытылган ундан сырткары кандай азыктар төрөлчү баланын ден соолугу үчүн маанилүү экенин Тамактандырууну жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу альянсынын башчысы Гүлмира Кожобергеновадан сурадык:

“Бул илдеттердин алдын алуунун 50 пайызы байытылган ундан көз каранды болсо, калганы йоддолгон туз. Семиз кишилерден да тубаса кемтиги бар балдар төрөлүү коркунучу бар”.

ЮНИСЕФтин эсеби боюнча, Кыргызстанда тубаса кемтик оорулары жылына 32 миллион сом чыгым алып келет. Албетте ооруну дарылагандан алдын алуу арзан. Бул уюм тубаса кемтиктин алдын алуу үчүн сарпталган бир сом 16 сом пайда алып келет деп эсептеген.

Алдын алгандан сырткары дарыгерлердин айтымында, кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндө бул илдеттердин белгилерин билүүгө азыркы техникалар жарайт. Андыктан кош бойлуу кееде, жада калса ага чейин дарыгердин көзөмөлүндө болуу маанилүү.

Булак: "bbc.com"

Последние новости