www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жана Ош облусунун мусулмандар казыяты биргеликте бүгүн “Ыймандан дилим тазарат” аттуу жыйын өткөрдү.

Жыйынга КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Шергазиев Жоробай ажы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович, облустагы тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук маданият бөлүмдөрүнүн башчылары, райондордогу ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринин төрагалары, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн 10-бөлүмүнүн башчылары, мечиттердин имамдары, облустагы диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов ачып Президент тарабынан быйылкы жыл “ыйман, адеп жана маданият”- жылы деп жарыяланышы ар бир жаранды мекенчил болууга чакырып, өлкөнүн өнүгүүсүн, мекендин кубаттанып өрүш алуусуна багытталган жарлык экенине токтолду.

“Бул жарлык өз убагында, бизге керек болгондо жарыяланды деп ойлойм. Бүгүн биз дүйнөнү каптап келаткан ааламдашуу жараянынын терс эпкинине адеп-ахлак, маданият, салт-санаабызды бекем сактап туруштук бере алабыз. Биз айланабыздагы адамдарга мамиле, жылуу жүз, сылык мүнөз, жакшы сөз менен таасир этип, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүбүз керек. Ар бир адам өз элинин, улутунун, диндештеринин, мекендештеринин күзгүсү эмеспи. Кудайга шүгүр, жашоо мыйзамы болгон ата-бабаларыбыздан келаткан каада, адеп-эрежелер бар. Элибиздин амандашуу, учурашуу маданияты эле чоң тарбия мектеби болуп келген. Кичүүнүн улууга салам берүүсү, азчылыктын көпчүлүккө, жогортон келаткан төмөндөн чыгып келаткан адамга, топко жаңы келип кошулган адам отургандарга салам айтуусу кадимден бери бузулбаган мыйзам. Жакшы иштин башы, жакшы мамиленин башы да салам айтуу менен уланат. А мындай эч жеринен ашык-кеми жок каадалар биздин ар бир баскан-турганыбызда кездешет”-деди.

Андан соң Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Шергазиев Жоробай ажы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кыргызстан элдери ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурунбетов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, Ош Мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов, Ош облусундагы “Имам-Бухарий” атындагы Ислам институтунун ректору Атабаев Абдрахман ажылар жарыш сөзгө чыгып быйылкы жарыяланган жылдын маани маңызы кандай болушу керектигине токтолушуп, элди ата-баба мурасы болгон асыл сапаттар, адамдык бийик касиеттер жана баалуулуктар менен тарбиялоо, коомчулукту адеп-ахлакка үйрөтүү эл жакшылары менен калыс сөзүн айткан нускалуу аксакалдарда экендигин бир ооздон ырасташты. Өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгы менен сунуш пикирлер эске алынып резолюция кабыл алынды.

(төмөндө кабыл алынган резолюциянын тексти тиркелет)

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында “Ыймандан дилим тазарат” деген аталыштагы жыйындын

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

“Ыймандан дилим тазарат” аталыштагы өткөрүлгөн облустук жыйынга катышып сөз сүйлөгөндөрдүн ой-пикирлерин, айтылган сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович тарабынан жарыяланган 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылын” Ош облусунун аймагында натыйжалуу өткөрүү максатында райондук мамлекеттик администрациялар, облустук жана райондук бардык мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:

1.“Ыйман, адеп жана маданият жылын” өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, аткарууга алуу.
2.Байыртан бери келе жаткан улуттук дөөлөттөрдү, каада-салттарды сактап калуу жана аларды келечек муундарга улуттук баалуулуктар катары калтыруу багытында иш-чараларды уюштуруу.
3.Ысырапкорчулукту азайтуу, ашыкча чыгымдарга жол бербөө максатында калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
4.Жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданияттуулукка үндөгөн иш-чараларды өткөрүү.
5.Жалпыга бирдей болгон жүрүм-турум эрежелерине, жогорку маданияттуулукка жана тартиптүүлүккө жетишүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү. 
6.Эл арасында кадыр барктуу жана нарктуу аксакалдар аркылуу улуттук нарк-насилдерди элге жеткирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууну, макалаларды жарыялоону ишке ашырышуу тапшырылды.

Жумамидин Сулайманкулов, тележурналист

Булак:NazarNews.kg

Последние новости