www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Адахан Мадумаровдун калыстыгына, адамдык сапатына дагы бир баа бердим!". Мындай пикирин белгилүү журналист Шайырбек Абдырахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

-Кечээ, "Сентябрь" каналын карап олтуруп, Адахан Мадумаровун Өмүрбек Текебаев тууралуу, деги эле бүгүнкү саясий абал тууралуу айткан сөздөрүн угуп, ал кишинин кандай учур болбосун калыс кебин айта билген, жан дүйнөсү кыргыздын нарк насилине бай, туура сүйлөгөндөн жалтанбаган адамдык сапатына дагы бир ирээт баа бердим. Куу алган кушта не айып!- дечү эле кыргыз,-дейт журналист.

Эске сала кетсек, Адахан Маумаров кечээ, 1-марттагы видео кайрылуусунда, "Текебаев, бирөөгө жагабы же жакпайбы ал мамлекеттик ишмер. Ал Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, бир канча жолку депутаты. Бийлик менен чогу жүрүп баардык нерселерди чогу жасаганы менен соңку кездерде оппозициялык фракциянын төрагасы катарында дагы караш керек. Намысыңа келесиң, эмнеге башка мамлекеттин жараны биздин олчойгон фракциянын "ушундай деп койду" деген сөздүн аркасы менен камап коюшу керек", деген жана башка ачуу чындыкты айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Адахан Мадумаровдун сөзүн толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар;

Последние новости