www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри, эки жолу БШК төрагисы, элчи болгон Туйгунаалы Абдраимов президенттик шайлоого аттанып атканын жашырган жок. Кең Сары өзөн Чүйдөгү  намыстуу аксакалдар, жигердүү жигиттер Туйгун мырзаны мырзаны сүрөшүп, бактысына жаншерик болуп атышыптыр.

Кызыгы, жеке эле Чүйдө эмес, башка облустардан да демилгелүү топтор баш көтөрүшүп, каарманыбыздын президенттик шайлоого аттануусун суранып атышканы тастыкталды. Биз Абдраимовго байланышканыбызда, ал чоң казатка аттанганын ачык айтып, бул күйөрмандарынын суранычы себеп болгонун ырастады.

Коомчулукка өзүн көп пиар кылбаган бул талапкер негизи карапайым калк ичинде колдоого катуу алына турганын билебиз. Себеби, түндүк-түштүккө тегиз караганы, шайлоолордо адилеттүү чечим чыгарганы, мамлекеттин туруктуулугуна салым кошкону жагынан аброю артып турат. Ушул күндөрү  Кытай Эл Республикасынан сунуштар түшүп, жигердүү талапкерибиз алыскы жолго аттанууда. Сыягы, Туй байкенин кадамы менен бийликтин картасы бузулушу ыктымал...

Булак: “АЗИЯньюс”

Последние новости