www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкада кыштын каттуу бороонунан 100 миңден ашуун адамдар электр жарыксыз калды.  5 миңге жакын авиа каттамдар токтоду. Бул тууралуу Американы Fox News телеканалы билдирди.

Телеканалдын айтымында, Виргиния Делавэр, Пенсильвания жана  Нью-Джерси штаттарында 30 миңдеген электр колдонуучулар жарыксыз калган.

Мындан тышкары, телеканалдын айтымында, аймактарга  5,5 миң аба каттамы үзгүлтүккө учурап,  аба ырайы бузулганынан улам учуулардын жыйынтыктары 7,7 миң аба каттамдары тып токтогон.

CNN телекөрсөтүүсүнүн маалыматына таянсак  жергиликтүү бийлик күчүнүн барынча, жарандарга көмөк көрсөтүүдө экендигин кабарлаган. Ал эми жол каттамдарына тыюу салынып, мектептер убактылуу жабылгандыгын билдирди.

Ушул таптарда АКШда бороон күч алып, кыш каарын салып жаткандыгын дүйнө ММК жар салууда.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости