www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин анын пайда-зыяны талкуудан түшпөй келүүдө. Бул уюмга кирүүгө каршы чыккандар уюмга кирүүдө экономикалык пайдасына караганда, саясий жагы маанилүү болду деп сынга алган. Ѳкмөт бул абдан манилүү, зарыл кадам болгонун айтып келүүдө.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова менен кабарчыбыз Абдыбек Казиев мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановду талкууга чакырып, экономикалык биримдиктин күңгөй-тескейи тууралуу маектешти.

Би-Би-Си: Кыргызстан 1998-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө. Эмне үчүн дүйнөлүк маанидеги уюмда туруп, саналуу мамлекеттер мүчө болгон бирикмеге кирүү зарыл болду деген суроо көп коюлуп келүүдө. Буга сиздерде пикир кандай?

Т. Сариев: Биринчиден биз дүйнөлүк соода уюмунда турабыз, чыккан жокпуз жана чыкпайбыз. Дүйнөлүк соода уюму Евразия экономикалык биримдикке кирүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпайт, тескерисинче бизге дагы кошумча мүмкүнчүлүк ачылып жатат.

Би-Би-Си: Мунай мунай продукциясы баштаган эң көп керектелген товарлар Орусия, Казакстандан ташылат. ЕАЭБке мүчө болгондон кийин алар ошол эле көлөмдө, бирок арзан баада келип жатат деген пикир айтылып жатпайбы?

Ө. Абдрахманов: Орусиядан товар алып жатабыз деп Бажы биримдигине киргендер негизинен ушуну айтат. Товар алган киши утпайт, саткан киши утат. Орусия мунай продуктуларын, темирин же болбосо токойун сатканга мажбур. Ошон үчүн бул туура эмес түшүнүк. Маселе башкача коюлушу керек эле, биримдикке киргенден кийин биз алар ошолор менен тең ат салыша алабызбы же жокпу? Алардын бизге караганда көп артыкчылыгы бар, нефть продуктулары, газга бай, ошонун акчасына көп нерселерди жасап алса болот.

Казакстан деле ошондой, ал эми бизде андай чоң байлыктар жок. Биз бир аз либералдык экономика менен жашап жаткан мамлекетпиз. Ошол үчүн аларга кошулгандан кийин алардын негизги мыйзамдарын аткарганга мажбур болобуз. Демек, биздеги өнүгүү мыйзамы менен алардыкы эки башка, таптакыр туура келбейт. Биримдикке биз кирбей эле койсок жакшы болмок. Бирок эми мынча кирип калгандан кийин таптакыр башка экономикалык саясатты башташыбыз керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок.

Би-Би-Си: ЕАЭБке мүчө болгон мамлекеттер арасында Кыргызстандын экономикасы өнөктөш мамлекеттерге караганда алсыз экендиги белгилүү. Андай шартта биздин экономикабыз кайсы жагына басым жасашы керек эле.

Т. Сариев: Эгерде биздин экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү карап көрсөк, бүгүнкү күндө алтынды кошкондо 50% Орусия, Казакстанга кетет. Эгерде алтынды алып салсак, анда 70% бизде өндүрүлгөн продукциянын баары Орусия менен Казакстанга кетет. Азыр Өмүрбек Абдрахманов айтып жаткан биздин базарыбыз ошол жерде, Кытайга алып барып сата албайбыз.

Ошол эле кайра иштетилген тамак-ашты алып барып Европага сата албайбыз. Экинчиден, биз алып жаткан бизге эң керектүү болгон нефти продуктуларын Кытайдан, Ирандан, Өзбекстандан албайбыз, биз негизинен Орусия менен Казакстандан алабыз. Дээрлик 98% Орусиядан келет. Эгер алар экспорттук пошлина коюп койсо, кымбат болуп калат. Тарифтерди жогору кылып койсо, анда дагы биздин чөнтөгүбүзгө зыяны тийет. Ошондуктан бул сыяктуу нерселерди айтканда, муну да биз билишибиз керек. Албетте, биз башкача саясат жүргүзүшүбүз керек, анткени интеграциялык биримдикке кирген бул ошол биримдикке кирген мамлекеттердин ички өндүрүшүн коргоо саясаты.

Евразия экономикалык биримдиги

Би-Би-Си: Сиз өзүңүз өлкөдө премьер-министр болуп иштеп жүрдүңүз, сиз азыр өлкөдөгү сатып алуу же сатыкка чыгаруу жөнүндө айтып жатасыз. Эмне үчүн ушунча жылдан бери Кыргызстанда өзүнүн өндүрүшүн бутуна тургуза алган жок?

Т.Сариев: Айрымдар ушул ЕАЭБ жөнүндө айтып жатканда, мына биздин "Дордойубуз" туруп калды дейт. Тескерисинче, мен парламентке барганда, Экономика министрлигине, ошондо эле айтчумун, интеграциялык биримдикке кирсек өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзүлөт, анткени биз өндүрүлгөн продукцияны сатканга базарлар ачылып жатат деп. Убагында "Дордой" базарыбыз бар деп, ошону чоң жетишкендик деп айтып жүрүштү. А чынында биз өндүрүшкө өтүшүбүз керек.

Бүгүнкү күндө тилекке каршы айыл-чарбасында чакан бизнес багытында кичинекей гана чарбалар бар, алардын көлөмү жок, анткени сата турган базар жок. Кайда алып барып сатат? Мына ошол базар азыр ачылып жатат. Экинчиден, өндүрүшкө шарт түзүлгөн эмес. Мен премьер болуп турганда биз сатуу салыгын алып салдык, мурун 2% болгон. Андан тышкары ушул сыяктуу өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган бир топ жеңилдиктерди киргизе баштаганбыз.

Би-Би-Си: Ошол кезде сиз мага айттыңыз эле, азыр биз ушул биримдикке кирүүгө такыр даяр эмеспиз деп, бирок ошол жолугушуудан кийин бир-эки ай өтпөй эле өлкө ошол биримдикке даяр эмес болсо дагы өтүп алды. Эми өтүп алгандан кийинки сиз айтып жаткан өндүрүштү тургузуу боюнча кандай чаралар көрүлгөн?

Т.Сариев: Эгер күтө берсек, даярдыгыбыз бүгүнкү күндө деле жок болмок, бизде мүмкүнчүлүк ченелүү болчу. 200млн. доллар алдык, ошол акча менен өзүбүздүн лабораторияларды, бажы, чек ара пунктарынын баарын тең бүгүнкү талапка ылайыкташтыра баштадык. Экинчиден, Кыргыз-Орусия фондунан 500млн.доллар алдык. Айтылган сумма жүз пайыз өндүрүшкө кетип жатат. Үчүнчүдөн, бажы көзөмөлдөр алынды. Албетте, бул жерде кыйынчылык бар, ветеринардык көзөмөл кичине кечигип жатат.

Би-Би-Си: Өмүрбек Абдрахманов, учурунда сиздер экономикалык так негиздемеси жок саясий чечим менен негизделген долбоор, даярдыгы жок кирип жатат деп сындап, нааразычылык акциясын да өткөрдүңүздөр эле. Ага кандай конкреттүү фактыларды айтат элеңиз?

Ѳ. Абдрахманов: Биз биримдикке киргенден кийин, өзүбүздүн эмне артыкчылыгыбыз менен жеңишке жетишебиз деген суроо коюлуш керек эле. Казакстанда досторум алма айдашты, 120 миң доллар грант бериптир насыядан сырткары. Өзбекстанда 72 миң гектар жерге Европадагыдай ыкма менен үстү жабылган алманы тигишиптир, бизде эч андай жардам жок да. Айтылып жаткан Орусиядан келген акча Кыргызстандын көйгөйүн чечпейт. Ошол үчүн биз киргенден кийин өзүбүз либералдык экономикалык саясатты киргизип, инвесторлор келе турган шарт түзсөк болмок.

Азыр бир дагы инвестор келбейт, инвестор эмес биздин ушул жердеги олигархтар акчасын салбай жатат. Анткени баардык жерде коррупция. 25 гектар жер алып, eвропалык типтеги интенсивдүү бак тигейин деп, долбоор менен иштеп жатам, Орусиядан трактор алдым "Уралец" деген үлгүдө. Орусия өзү бир трактор чыгара албайт экен "Уралец" 99% Кытайдыкы экен. Орусиядан бизге технология, дагы башкасы дагы келиши мүмкүн эмес. Алар бизди өзүнүн товарларын сатканга гана территория кылып, саясий чечимди кабыл алышкан.

Кыргыз-казак чек ара бекети.

Би-Би-Cи: Темир мырза, сиз жогоруда айтып калдыӊыз Орусия-Казакстан базары бизге ачылды деп, бирок ошол эле учурда ал жактын ишкерлерине биздин рынок ачылып, ата мекендик өндүрүшчүлөргө кыйын абал түзүлүп калды деп жатышат. Бул абал дагы канча убакытка созулушу мүмкүн?

Т.Сариев: Көптөрү туура эмес түшүнүп жатат. Бул эми атаандаштык. Биз EАЭБке кирсек эле, башка өлкөлөргө кете турган товарлардын жолун койдук деп жатабыз. Биз азыр каалаган жерлерге сата алабыз, бирок эмне сатабыз, кантип, канча көлөмдө сатабыз бул башка маселе. Жаңы технологияларды алып келип, жаңы багыттарды ачыш керек. Экинчиси, либералдык мыйзам боюнча, мына кошумча наркка салык Белоруссияда 20 пайыз, Казакстанда 12 пайыз, Россия Федерациясында 18 пайыз, бизде 12 пайыз. Кирешеге болгон салык боюнча Белоруссияда 24 пайыз, Казакстанда 20 пайыз, Орусияда 24 пайыз, бизде 10 пайыз. Мына, бизде эӊ либералдык мыйзамдар бар. Биринчиден, мыйзамдарды толук аткаруу маданиятын билишибиз керек.

Би-Би-Си: Так сандарга токтолуп өтөлүчү. Улуттук статистика комитети дагы маалымат берди, экспорттун көлөмү азайып, импорт өскөнүн тактап берип жатышат. Бул тенденция эми кандай болот, эмне болуп өзгөрөт, Кыргызстан жалаӊ эле ушул импортко көз каранды болуп отуруп калабы?

Т. Сариев: Эгерде биз бажы биримдигине кирбесек, импорттун көлөмү мындан дагы өсмөк, анткени экинчиси импорттун өсүшү, экспорттун азайышы акыркы убактардагы Казакстанда жана Орусияда болуп кеткен рубльдун жана тенгенин девальвациясына дагы туш келип калды да.

Би-Би-Си:Кокус ушундай болуп кетсе, кайсы бир рычагды колдонобуз деген механизм каралды беле?

Т.Сариев: Каралган, базалык, оптимисттик жана эӊ ылдый пессимисттик сценарийди иштеп чыкканбыз. Эки-үч жылдын ичинде базалык сценарий 1-1,5 пайыздан 2-2,5 пайызга өсүш керек болчу. Бирок 2016-жылы 3,5 пайыз өсүш болду. Эми дүйнөлүк конъюнктура дагы бир аз өзгөрдү. Баанын ылдый түшүп кетиши дагы өзүнүн кесепетин берип жатат. Негизинен соода азайганы, нефть менен темирдин, жыгачтын баасы түшүп кеткенине байланыштуу. Физикалык көлөм азайган жок.

Ө.Абдрахманов: Бир эле мисалды айткым келет, Темир Сариев экономика министри болуп турганда «Газпромго» монополдук мүмкүнчүлүк берип коюшту, калганын дагы бир орусиялык «Росснефтке» берип койду. Азыр алар каалаган баасын коёт. Бир-эки спорт залын салып берип койсо, ошого сүйүнүп жүрүшөт. Эч качан мамлекет сырттан келген нерсесин бир мамлекетке монополия кылып бербеш керек. Мындан кийин дагы экспортко чыгара албайбыз.

Темир Сариев туура айтат, бизде чыгара турган бир гана мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал болсо айыл-чарбасы. Эгер биз либералдуу экономиканын негиздерин түзсөк, ошондо келип жанагы бренддер заводдорун ачуу керек. Бирок бизге азыркы шарт менен бир дагы адам келбейт. Ошондуктан мындан кийин дагы кыйынчылык боло баштайт. Бажы биримдигинде өздөрүнүн арасында мушташ болуп жатат. Мына, Орусия менен Белоруссиянын жаңжалы күчөдү.

Бул биримдиктин келечеги жок. Бир эле суроо, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болсок, эмне үчүн биздин товарларды өткөргөн эмес? Ушул суроону мен парламенте турганда да бергем. Орусияда банан барбы? Темир Аргенбаевич! Казакстанда банан сатылабы?-дегем. Жообу «сатылат толтура» деп айтылган. Анда эмне үчүн биздин алма сатылбайт? Себеби алар атайын тосуп, саясат үчүн бизди зордоп туруп киргизди бул биримдикке.

Т.Сариев: Алманын жакшы сортторун өндүрсөңүз, чоң көлөм болсо, аны сатканга мүмкүнчүлүк болот. Логистикалык борборлор түзүлүп, ошолор Орусиянын, Казакстандын ири дүкөндөрү менен келишимдери бар. Бирок бул жерде тийиштүү көлөм, талапка жооп бере турган сапат жок болуп жатат.

Бирок булардын баары чечилет. Кээ бир учурларда либералдуу экономиканы тутунуп жүргөндөр өздөрүнүн сөзүнө кайра каршы чыгып жатпайбы. Мына азыр эле, Ѳмүрбек Абдракманов айтты, «Эмне үчүн «Газпромго» берип койдуңар? Эртең чоң бренд келсе, ошонун продукциясын биз өндүрүп сатат элек» дейт. «Газпром» дагы дүйнөлүк компания.

Ө.Абдрахманов: Моноплия, монополия да…

Т.Сариев: Алар бул жерге келип газды үзгүлтүксүз берип жатат. Мурун биз 240 доллардан алганбыз, бүгүн 160 доллардан алып жатабыз. Реалдуу чындык ушунда.

Би-Би-Си: Эгерде эртең ЕАЭБ боюнча күтүлгөндөй жыйынтыктар болбой калса, жоопкерчиликти ким алат? Айталы, экспорт азайып, импорт көбөйүп кете бере турган болсо.

Т.Сариев: Албетте, жоопкерчиликти бүгүн иштеп жаткан өкмөт алат. Анткени ал жерде бардык шарттар түзүлгөн. Эгерде биз кирбей койгондо, бүгүнкү акыбалбыз мындан да кыйын болмок. Ушуну эстен чыгарбашыбыз керек. Орусияга биз жер-жемиштердин 36 пайызын, пахтанын 64 пайызын, айнектин 42 пайызын, чыгарылган электромашина жана апараттардын 29 пайызын, радиатордун 35 пайызын жөнөтөбүз.

Казакстанга болсо, электр энергиянын 100 пайызын, сүт азыктарынын 83, жашылча-жемиштин 45, эттин 73, кийим тигүүнүн 96 пайызын. Мына, биздин өндүрүштүн эң чоң рыногу ошол жерде. Биз ошол рынокут ачтык да.

Би-Би-Си: 2014-жылы үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга 106 миң автоунаа кирген экен. 2015-жылы 2 миң айланасында, 2016-жылы 200 ашуун болуптур. Кыргызстандын сырткы соода байланыштары солгундады дегенге макулсузбу?

Т.Сариев: Жок, андай эмес. Анткени 2014-жылы биз Бажы биримдигине киргенде, автоунаалар боюнча жогорулатылган пошлина коюлмак да, өзгөчө эски автоунааларга. Ошондо көпчүлүк сырттан алып келип, кийин Орусия, Казакстанга кымбат сатабыз деп, ошондон алып келген. Жылына Кыргызстанга орточо эсеп менен 30-33 миңдин тегерегинде эле автоунаа келчү. Бирок азыр ал кыскарды, себеби эки жылдык нормабызды алып келип, базардын баары унаага толуп калган.

Оорчулуктар бар, аны эч ким жашырбайт. Сын айткан, акыл үйрөткөн кишилер көбөйдү. Терең түшүнбөй туруп эле, оңой эле кылып коюш керек дешет. ЕАЭБ киргенден кийин мигранттарга жакшы шарт түзүлдү, тигүүчүлөргө шарт түзүлдү. Сүт-эт азыктарынын маселеси кыйын болуп турат. Буларды сыртка чыгарыш керек.

Ө.Абдрахманов: ЕАЭБ киргенден кийин анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланышыбыз керек эле. Бирок азыркы шарт менен биз пайдалана албай жатабыз. Бириккен Араб Эмираттарын мисал катары айтайын, мен бизнести ушул өлкөдөн баштагам. Суусу жок, абдан ысык, бирок дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекет.

Сингапур деле ушул сыяктуу. Биз ошолордун мисалын алып, ЕАЭБ ичинде ушул өлкөлөрдөй болуп кетсек гана келечегибиз болмок. Ал эми завод курабыз, аны курабыз, муну курабыз дегенибиз менен, Орусиянын инжинерлери, Казакстандын көп акчасы менен эч качан алдыга өтө албайбыз.

Булак: "bbc.com"

Последние новости