www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антимонополия кызматында ойдо жок жерден деңгээлине карабастан, саясий негизде директордун орун басары болуп дайындалып, ишти тарта албаган мажүрөлүгүнүн айынан тез эле кызматтан алынган Акжолтай Тукунов деген популист бар. 

Иштен айдалганда Фейсбук баракчасына "Садыр аба мени эмнеге иштен алып салдыңыз" деп муңканган эле. Коомчулук сакалын сербейткен курулай популисттин иштен алынганы туура болгонун белгилешкен. 

Андан бери Тукунов эмне кылаар айласын таппай, Фейсбук баракчасына ар нерсени жазып "дөөрүп" жатат. 

Алсак, Ленин районуна караштуу Арча-Бешик, Ак-Ордо конуштарында суу чыкпай жаткан көрүнүштү, "Ленин районунун кыздары чечингени үчүн суу жок", - деп жалпы кыздардын абийирине, намысына, аброюна шек келтирди. Бул үчүн сотко берсе жарашат. 

Буга чейин күн ысып жаткан жагдайды дагы динге жармаштырып, "Бейиште күн жок" деп, аркы дүйнөгө барып келгенсип даават айтты. Бул динчилди ар кайсыны жазып элдин башын айнытпай тынч отур деген укук коргоо органдары барбы? Сакалын сербейтип алып эле өйдө-төмөн сүйлөй береби?

Баса, өткөндө чокчо сакалына сыймыктанып, "акылдуу адамда сакал болот" дегенди айтып боорду эзген. Мындан улам, "сакал текеде деле бар, сакалды эмес, акылыңды өстүр" дешип мыскылдашкандар болду. Бирок Тукуновго жеткен жок көрүнөт.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости