www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын укук коргоо жана коопсуздук күчтөрү тарабынан ондогон "куралдуу ооган жарандары" кармалды. Бул тууралуу "Озади" радиосу кабарлайт.

Маалым болгондой, Хатлон облусунун түштүк бөлүгүндө кармалган жарандардын арасында мурунку аскер кызматкерлери дагы бар. 

Азырынча тажик бийлиги бул боюнча эч кандай расмий билдирүү жасай элек. "Озодинин" айрым мамлекеттик органдардагы булактары бул маалыматты ырастап, кармалгандардын жанында курал-жарак болгонун билдиришкен.

Эске салсак, 2021-жылы августта Ооганстанда бийликке "Талибан" кыймылы келгенден кийин жүздөгөн аскер кызматкерлери, учкучтар, ошондой эле жөнөкөй жарандар коңшу Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өтүп, убактылуу баш калкалашкан. Алардын айрымдары башка өлкөлөргө чыгып кетсе, бир тобу кайра Ооганстанга кеткен. Калгандары Тажикстандын шаарлары менен аймактарына жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости