www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөндө Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Курултай боюнча мыйзамды түртмөлөп өткөрүү аракетин көрүп жүрүп, октябрдагы окуяда Жогорку Кеңештин качып кеткенин айткан. Бул сөзү эл өкүлдөрүн катуу арданткан.
Ошол кезде Чолпонбек Абыкеевге жооп бере албай, ич күптүүсү ичинде калгандар кечээ аны катуу жемеге алышты. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Абыкеевди калпычы деп сынга алды. Нурбек Сыдыгалиев президенттин кеңешчисин “төңкөрүш болсо депутаттар качып кетет” деп айтканын эске салды.
Буга чейин Абыкеев комитетте “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда өлкөдө бир нерсе болуп кетсе депутаттар качып кетерин айтып, мындайда курултайчылар чогуларын билдирген. Бирок ал парламенттин жыйынында андагы айткан сөзүнөн танып, “мен антип айткан эмесмин” деп чыкты.
Буга эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиевдин ачуусу келип: "Мен ойлойм, президенттин жанында калпычы, алдамчы адам жүрбөш керек. Президенттин жанында калп айтпаган, чындыкты сүйлөгөн, бетке айткан кишилер жүрүш керек", - деп тилдеди...
Булак: NazarNews.kg